Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетери айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ЖЭБдин жумушчусу жабдыктарды оңдоодо учурунда. Архив
Бишкек ЖЭБдин жумушчусу жабдыктарды оңдоодо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкектеги ТЭЦти калыбына келтирүүгө 5-7 күн кетиши мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ башчысы Бообек Ажыкеев брифинг учурунда билдирди.
"Бишкектин ооруканаларын жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт", — деген министрдин орун басары.

"Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынын жетекчисинин орун басары Шаршенбек Сарыкеев борбор калаанын түштүк аймагы толугу менен жылуулуксуз калганын билдирди. Анын айтымында, учурда № 3-8, 11, 12, Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда жылуулук жок.

Авария ТЭЦтин 14-отканасында болушу мүмкүн деп болжолдонуп, учурда комиссия иштеп жатканы айтылды.
Мектептин бош классында мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги авариядан улам Бишкектин мектептери онлайн окуп, бакчалар иштебейт
Жаңылыктар түрмөгү
0