Адистер азык-түлүк сатып алууда көңүлгө түйчү эрежелерди эскертти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү азык-түлүктөрдүн курамын окуп жаткан кардар
Дүкөндөгү азык-түлүктөрдүн курамын окуп жаткан кардар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Жазылуу
Таңгактагы маалыматтар окулбаса, анын даярдалган күнү, сактоо мөөнөтү көрсөтүлбөсө түрдүү тобокелдиктен алыс болуу үчүн ал товарды албай эле коюу сунушталат.
БИШКЕК, 30-янв. – Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ден соолук чың болушу үчүн азык-түлүк сатып алууда сактала турган эрежелерди тизмектеди.
Мекеме керектөөчүлөрдү бул ишке олуттуу мамиле жасоого чакырган.
Эске алуучу эрежелер:
азыктын аталышын, анын даярдалган, таңгакталган жери жана күнү, экспорттогон, импорттогон тараптар тууралуу маалыматтарды окуп чыгыңыз;
сактоо мөөнөтүнө жана сактоо шартына маани бериңиз;
азыктын салмагын, көлөмүн же таңгакта канча даана бар экендигине көз жүгүртүңүз;
азыктын курамы, азыктык баалуулугу менен таанышыңыз;
кимдерге колдонууга болбой турганы да чоң мааниге ээ.
"Өз кезегинде сатуучулар да товарды сактоо эрежелерин так аткарышы керек. Бат бузулуучу азыктын таңгагы жыртылып, сынып калса же туура эмес сакталганын байкасаңыз аны алуудан баш тарткан оң. Ал эми жашылча-жемишти алууда сырткы көрүнүшүнөн тышкары кандай жайда сакталганына, чириген мөмөнүн жоктугуна маани берүү керек. Мындан тышкары, сыртындагы маалыматтар атайын окулбай тургандай жазылса же окулбаса, даярдалган күнү, сактоо мөөнөтү жазылбаса ал товарды да сатып албай эле койгон оң", — деп айтылат маалыматта.
Дүкөндүн кычкыл сүт азыктары бөлүмүндөгү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Диетолог айран-сүт азыктарын туура тандап ичүүнүн жолун түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0