Инсультка кабылган адамга алгачкы жардамды туура көрсөтүүнүн жол-жобосу

© AFP / FRED TANNEAUМээнин позитрондук эмиссиялык томографиясы. Архив
Мээнин позитрондук эмиссиялык томографиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
Адамдан инсульт алуу коркунучун байкоо үчүн жылмайтып, эки колун бирдей көтөртүп, тилин да сундуруп көрүү керек.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги инсульттун алгачкы белгилерин тизмектеп, дарыгерлер келгенге чейинки алгачкы жардамды туура көрсөтүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү.
Мекемеден белгилешкендей, инсульт (мээге доо кетүү) — мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу. Анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. Адатта инсульт эртең менен эрте же түн ичинде кармайт.
Алгачкы белгилери:
бир ыптасы капысынан иштебей калат же алсыз боло баштайт;
артикуляция начарлайт,
бир же эки көздүн тең формасы өзгөрөт;
адам капыстан эле кыймылын оңдуу башкара албай калат, ары-бери чайпалып басуу, баш айлануу;
күтүлбөгөн жерден кескин жана түшүнүксүз баш оору.
Министрлик адатта бул көрүнүштөр кан басым көтөрүлгөндө болорун, мээдеги кан айлануунун катуу бузулуусунун белгилерин төмөнкүлөрдү аткаруу менен байкоого мүмкүн экенин кошумчалады.
адамдан жылмаюусун өтүнүңүз, жакшылап байкасаңыз инсульт алуу коркунучу бар адамда беттин асимметриясы байкалат;
адамдан эки колун бирдей алдыга сунуусун сураныңыз – инсульт алуу коркунучу бар адам эки колун бирдей көтөрө албайт;
сөздөрдү айтуусун талап кылыңыз – инсульт учурунда сүйлөгөнү так эмес болот;
тилин сунуусун сураныңыз, инсульт учурунда тил бир тарапка кыйшайып калат.
Алгачкы жардамды туура кантип көрсөтүү керек?
Дарыгерлер келгенге чейин оорулууну тынч жерге жаткырып, мазасын албай, таза аба менен камсыз кылуу керек. Клиникага түшкөндө дарыгерлер жүрөк жана дем алуусунун иштешин баалап, кечиктирилгис жардамды көрсөтүшөт. Зарыл болгон учурда адам дароо нейрореанимациялык бөлүмгө жаткырылат.
Оорунун себептери:
кан басымдын жогорулашы;
жүрөктүн тез-тез согушу;
күрөө тамырларда холестериндин тыгылып калышы;
кандын гиперкоагуляциясы (кан тамырлардын ичинде тромбдун пайда болуусуна жакын болуу).
Улгайган киши башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Инсульт алган адамга кан суюлтуучу дары бербей туруу керек. Дарыгердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0