25-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуй облусун тоолорунда аттар менен эркектер. Архив
Чуй облусун тоолорунда аттар менен эркектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Жазылуу
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кечке маал айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Баткен жергесинин дыйканчылык аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5, ал эми Нарында 0...-5 градус суук болот.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска көтөрүлөт.
Кыштын жылуу күнүндө паркта отурган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0