https://sputnik.kg/20240121/salyk-kyzmaty-kadrlar-rezervi-konkurs-1082064393.html
Салык кызматында иштегиңиз келеби? Мекеме конкурс жарыялады
Салык кызматында иштегиңиз келеби? Мекеме конкурс жарыялады
Sputnik Кыргызстан
Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. 21.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-21T09:18+0600
2024-01-21T09:18+0600
2024-01-21T09:18+0600
кыргызстан
мамлекеттик салык кызматы
конкурс
кадрлар резерви
https://sputnik.kg/img/07e7/02/09/1072748564_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_be2c76d71e4aae29caffcffe9374fee2.jpg
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады.Маалыматка ылайык, сынакта административдик мамлекеттик кызмат орундары башкы, улук жана кенже топторго тандалат. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.Катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүгө чакырылат.Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет.Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер ведомствонун сайтына жайгаштырылган.
https://sputnik.kg/20240110/zhaparov-rektor-zhyyyn-kadr-1081850386.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/09/1072748564_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_23610fb6e0741655a291f207edc681b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мамлекеттик салык кызматы, конкурс, кадрлар резерви
кыргызстан, мамлекеттик салык кызматы, конкурс, кадрлар резерви
Салык кызматында иштегиңиз келеби? Мекеме конкурс жарыялады
Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады.
Маалыматка ылайык, сынакта административдик мамлекеттик кызмат орундары башкы, улук жана кенже топторго тандалат. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.
Катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүгө чакырылат.
Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет.
Документтер 31-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер
ведомствонун сайтына жайгаштырылган.