22-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварында бара жаткан киши. Архив
Эркиндик бульварында бара жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Жазылуу
22-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. 22-январь, дүйшөмбүдө, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө -4...+1 градуска чейин жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +5...+7, Ош шаарында +9...+11 градус жылуу болот.
Бишкектеги Эркиндик бульварында аял менен эркек сейилдеп баратышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2024
Кыргызстан боюнча 27-январга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0