21-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында велосипедчи бара жатат. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварында велосипедчи бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2024
Жазылуу
21-январга караган түнү Ысык-Көл менен Нарын регионунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү облустардын айрым жерлерине кар жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө -2...-7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө -4...-1, ал эми Нарында -3...-8 градус суук болот.
Бул күнү Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, борбордо жана Ошто туман түшөт. Күндүн табы Бишкекте -2...-4 градус болсо, Ош калаасында +7...+9га көтөрүлөт.
Кыштын жылуу күнүндө паркта отурган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0