Энергетикалык рынок, логистикалык чынжырчалар, соода-сатык. ЕЭК министринин маеги

© Фото / пресс-служба ЕЭКЕвразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев
Евразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Дүйнөдө аймактар аралык экономикалык интеграциялык 60тай уюм болсо, алардын он чактысы ыкчам өнүгүп келе жаткандарына кирет. Беш мамлекет мүчө болгон (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия) Евразия экономикалык биримдиги дал ушул ондуктун тизмесинде.
ЕАЭБдин түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толот. Кыргызстан тогуз жыл мурун аталган уюмга кошулган. Дүйнө жүзүндөгү 184 миллион адам ушул ЕАЭБге кирген мамлекеттерде жашайт. Жер шарынын 14 пайызын ээлеп, андагы электр энергиясынын беш пайызына, мунайдын жети пайызына жана дүйнөдөгү газдын 5/1 бөлүгүнө ээлик кылган биримдиктин Евразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев менен маек курдук.
— Арзыбек Орозбекович, ЕЭКтин коллегиясынын мүчөсү (министр) кызматында экинчи мөөнөткө дайындалып отурасыз. Биримдике мүчө болгондон тарта Кыргызстан тарабынан мындай кадам алгачкы ирет жасалууда.
— Ооба, бул Кыргызстандагы кадр саясатынын турукташканынын белгиси десек болот. ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү ар төрт жылда жаңыдан дайындалат. 2023-жылдын соңунда кезектеги мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн ЕАЭБ саммитинде беш өлкөнүн президенттери ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрүн (министрлерди) дайындоо боюнча документтерге кол коюшту. Анын жүрүшүндө Кыргызстан тараптан дайындалып барган министрлер өз ордубузда дагы бир мөөнөткө калып иштей турган болдук. ЕАЭБге беш мамлекет мүчө болсо, анын ар биринен дайындалган министрлер биригип, жалпысынан ЕЭКтин 10 министри болот. Алфавит иретинде мамлекеттер ар төрт жылда төрагалык кылып турат. 2024-жылдан тарта төрагалык Казакстан Республикасына өттү. Быйылкы кайра дайындалууда мурда иштеп жаткан ушул 10 кишинин жетөө өз ордунда калышты. Бул Кыргызстандан башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар тараптан дайындалган министрлеринин мөөнөтү бүткөн учурда кайра узартып коюп иш алып барган процесс тажрыйбаланып эле келе жатат дегенди түшүндүрөт. Ал эми ЕАЭБге мүчө болгондон тарта Кыргызстан тараптан мындай кадам алгач ирет жасалууда.
— Бул кызматка 2022-жылы бардыңыз эле. Учурда биримдиктин алкагында коллегиянын иштөө мөөнөтү жыйынтыкталып, экинчи мөөнөткө дайындалган тогошуу мезгилинде турасыз. ЕЭКке энергетика жана инфраструктура министри болуп барганыңыздан бери кандай иштер жасалды?
— ЕАЭБ башынан эле негизги экономикалык интеграциялык төрт принциптин алкагында түзүлгөн. Алар: товар жүгүртүү, капиталдын эркин өтүшү, адам ресурстарынын, тейлөө-кызмат көрсөтүүнүн эркиндиги. Өзүм иш алып барган транспорт багыты боюнча айта турган болсом, бирдиктүү темир жол тарифи түзүлдү. Бул Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкөнүн ичинде темир жол аркылуу жүк ташыган биздин ишкерлер үчүн бирдей тариф дегенди түшүндүрөт жана бизнес-чөйрө үчүн өтө чоң жетишкендик катары бааласак болот. Дагы бир жасалган ири иш — автомобиль менен жүк ташууда беш мамлекет ичинде уруксат документтеринин жоюлгандыгы. Үчүнчүдөн, беш мамлекет ортосунда транспорт көзөмөлү алып салынды.
© Sputnik / Асель СыдыковаЕвразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев: учурда Батыш — Кытай жолу, Түндүк — Түштүк соода коридору, Транскаспий соода коридору жана Транссибирь темир жолу сыяктуу төрт ири долбоор бекитилген. Булар ишке ашса уюмдун соода жүгүртүүсү бир топ жогорулап, экономикага оң таасирин тийгизет.
Министр по энергетике и инфраструктуре Евразийской экономической комиссии (ЕЭК) Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Евразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев: учурда Батыш — Кытай жолу, Түндүк — Түштүк соода коридору, Транскаспий соода коридору жана Транссибирь темир жолу сыяктуу төрт ири долбоор бекитилген. Булар ишке ашса уюмдун соода жүгүртүүсү бир топ жогорулап, экономикага оң таасирин тийгизет.
2023-жылды жыйынтыктап жатып биз Евразиялык экономикалык биримдиктин транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекиттик. Документ ЕАЭБде бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү үчүн жасала турган 10 долбоорду камтыйт. Бул долбоорлор дүйнөлүк транспорт системасына интеграция болууга багытталган. Мындан сырткары, биримдик ичинде инфраструктуралык интеграциялык жети долбоор камтылган. Кыргызстанга тиешелүүсүн айта турган болсом, Григорьевка — Балыкчы (ошондой эле жолун), Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолун куруу ири долбоорлору бар. Албетте, мындай чоң долбоорлор эртең эле ишке ашып кетет деп айткандан алысмын. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун мисалында эле айта турган болсок, мындай чоң долбоорлор кыска мөөнөттө ишке ашпайт. Учурда Кытай Европага товарын негизинен Казакстан аркылуу ташып өтөт. Эгер Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн бириктирген темир жолдор курулса, бул дагы Кытай башка мамлекеттерге ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу өткөн альтернативдүү жол болуп калат.
Түндүк-түштүк айланма жолу да жогорудагы долбоорлордун бири. Ал мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн негизинде курулса акы төлөнүүчү жол болуп калышы да ыктымал. Кыргызстан тарабынан мына ушундай ири долбоорлор кирди.
Ошондой эле транспорт багытында документ жүгүртүүнү санариптештирүү маселеси да күн тартибинде турат. Өткөн жылы бул багытта бир топ иштер жасалды. Транспорт кыймылын көзөмөлдөөчү органдарга бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү боюнча иштер учурда кызуу жүрүүдө.
Кожошев: дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөрдү ЕАЭБ чакырык катары кабыл алат
— Кыргызстан, Казакстан чек арасынан жүк ташуучу автоунаалардын бир нече күн өтө албай туруп калган көйгөйү маал-маалы менен кайталанып турат. Бул жерде көйгөй эмнеден келип чыгууда? ЕАЭБ алкагында чечилчү ишпи же эки өлкөнүн ички көйгөйүбү?
— Чек аралардан келип чыккан окуяларга биз дайыма оперативдүү мамиле кылабыз. Былтыр август айында Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда болгон окуя боюнча да мониторинг топ түзүп, аны өзүм жетектеп келип, жеринен иш алып барып себептерин аныктаганбыз. Бул жерде транспорт көзөмөлү боюнча эч кандай маселе жаралган жок. Анткени бул өткөрмө пунктунда транспорттук көзөмөл жүргүзүлбөйт. Маселе башкада. ЕАЭБ алкагында жүк ташууда тоскоолдуктар жок болгону менен айрым учурларда атайын кызматтын өкүлдөрү өздөрүнө келип түшкөн маалыматтарга таянып, баңгизатка каршы же мыйзам бузган башка жүктөрдү аныктоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп калышат. Ошондой учурларда жүктөр эки-үч суткалап кармалып калууда. Былтыр августта кыргыз-казак чек арасындагы окуяда да ушундай көрүнүш болгон. Казак тараптын күч органдары жүктөрдү баңгизатка текшеришкен. Биздин уюм экономикалык багытта иш алып баргандыктан күч органдары бизге баш ийбейт. Бирок ошентсе да биздин мониторингдик топ муну ЕАЭБдин алкагында кароо, премьер-министр, президенттердин деңгээлинде көтөрүү маселесин койгонбуз. Эки тараптын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин киришүүсү менен маселе ыкчам чечилген. Мындай учурлар, тилекке каршы, уюм алкагында болуп турат. Жакында эле Россия менен Беларустун чек арасында да ушундай окуя болду. Ал жакта да атайын кызматтын өкүлдөрү теракт болушу ыктымал деген маалымат алып, текшерүүгө чыгышкан. Анда да 60-70 пайызы Казакстанга келе жаткан жүк, Кыргызстанга жүк ташыган 13 автомашина бир нече убакытка кармалып туруп, башка өткөрмө пункту менен айланып келүүгө мажбур болду. Мындай көрүнүштөр, албетте, биримдиктин интеграциялык кадамдарына тоскоолдук жаратууда. Бул маселе быйыл кайталанбайт деп да сөз бере албайм. Бирок жүк ташууда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу ишти бир топ жеңилдетет. Навигациялык пломбаларды ишке киргизүүдө, тиешелүү министрдин маалыматы боюнча, аз гана техникалык иштери калган. Алар жасалып бүтсө темир жол, автотранспорт менен ташылган жүк белгиленген жерге жеткенге чейин пломбасы чечилбей, эч кандай тоскоолдуксуз өтөт.
— Биримдик соңку жылдары өнөктөш өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү активдештирип жатат. Бирок бул үчүн азыркы логистикалык аракеттер жетишсиз. Дагы кандай эл аралык логистикалык чынжырчаларды түзүү пландалууда? ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасына кандай таасир этет?
— Бул биримдиктеги абдан чоң долбоорлордун бири. Азыркы учурда Батыш — Кытай жолу, Түндүк — Түштүк соода коридору, Транскаспий соода коридору жана Транссибирь темир жолу сыяктуу төрт ири долбоор бекитилген. Булар ишке ашса уюмдун соода жүгүртүүсү бир топ жогорулап, мүчө мамлекеттердин экономикасына оң таасирин тийгизет. Транспорт системасын адамдын кан айлануусуна окшоштура турган болсок, анда биз аркылуу дүйнөнүн төрт бурчуна тең жүктөр жетип турушу керек.
Бир эле мисал, Россия Федерациясы көп бөлүгүн каржылап жаткан түндүк-түштүк соода коридору Санкт-Петербург шаарынан баштап Азербайжан, Иранды аралап өтүп, Перс булуңунан Араб Эмирликтери менен байланышып, андан ары деңиз аркылуу Индиянын Мумбай шаарына чейин жетет.
© Фото / пресс-служба ЕЭКАрзыбек Кожошев: Эл аралык транспорт чынжырчаларын кеңейтүүдө биз ШКУ мамлекеттери менен да тыгыз иштешип жатабыз. ЕАЭБ менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосунда меморандум түзүлдү.
Министр по энергетике и инфраструктуре ЕЭК Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Арзыбек Кожошев: Эл аралык транспорт чынжырчаларын кеңейтүүдө биз ШКУ мамлекеттери менен да тыгыз иштешип жатабыз. ЕАЭБ менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосунда меморандум түзүлдү.
ЕАЭБдин пошлинасыз соода жүгүртүү боюнча Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Вьетнам, Сингапур мамлекеттери менен келишими бар. Мындан сырткары, "Евразиялык агроэкспресс" деген долбоор бекитилди. Ал жашылча-жемиш бышкан мезгилде иштейт. Европадан же Россиядан чыккан жашыл продукция Кытайга ЕАЭБ аркылуу тоскоолдуксуз өтөт. Бул долбоорго Кыргызстан азырынча жигердүү катыша албайт, бирок келечекте темир жолдор бүтүп калса өлкөнүн түштүк тарабындагы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйкандары жашылча-жемишин Кытайга жиберип калышат. Россия менен Беларусь гана былтыр биринчи ирет ушул коридорду пайдаланышты. Бул долбоорго Өзбекстан да мүчө болду. Мында түзүлгөн келишимге ылайык эле ар өлкөлөр өз вагондорун чиркеп кете берет.
Эл аралык транспорт чынжырчаларын кеңейтүүдө биз ШКУ мамлекеттери менен да тыгыз иштешип жатабыз. ЕАЭБ менен Шанхай кызматташтык уюмунун ортосунда меморандум түзүлдү. Меморандум боюнча Россия — Каспий деңизи — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан, ошондой эле Беларусь — Россия — Казакстан — Афганстан — Пакистан транспорт коридору түзүлөт. Мында Пакистанга кетчү товарлардын Афганстандан өтүү коопсуздугун афган өкмөтү өз жоопкерчилигине аларын билдирген. Уюмдун мына ушундай транспорт чынжырчалары түзүлүп калса, жалпы евразиялык контингенттеги логистикалык каркас пайда болот да, Кытайдын "Бир алкак — бир жол" долбоору да ушуга кирип калат.
— ЕАЭБдин 2025-жылга карата жалпы энергетикалык рыногун түзүү планы бар. Буга чейинки маегибизде сиз уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы бир топ талаштуу маселелер чечилип, өлкөлөр бир консенсуска келип калганын белгилеп кеттиңиз эле. Кандай орток пикир жаралды? Жалпы энергетикалык рыноктон мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы кандай пайда көрөт?
— Энергетика бүгүнкү күндө бир эле ЕАЭБ алкагында эмес, дүйнө жүзүндө эң таасирдүү, орчундуу маселеге айланып калды. Андыктан бул — ЕЭКтин приоритеттүү багыттарынын бири. Уюмда бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилгендиктен, эгер мүчөлөрдүн бири эле макулдугун бербесе ал маселе улам артка жылып кете берет. Жалпы энергетика рыногун түзүүдө да мына ушундай болду. Бирок 2023-жылды бул багытта чоң жылыштар менен жыйынтыктадык. Жалпы рынокто борборлоштурулган соода операторун аныктап алдык, ошол эле компания каттоо кызматын да аткарат. Мындай оператор болуп Россиянын "Электр энергиясын дүң сатуу рыногунун соода системасынын администратору" ААКсы (АТС россиялык компаниясы — ред.) дайындалды. Компаниянын иш тажрыйбасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү эске алынды. Аталган компания өзү билемдикке барбашы үчүн ЕЭК министрлигине аны көзөмөлдөө укугу берилди. Бул энергорынок параллель системасында иштейт. Башкача айтканда, уюмга мүчө өлкөлөрдүн биринде авария болсо же таңсыктык жаралса башкалары жардамга келип, энергетикалык продукциясы менен бөлүшүшү шарт.
© Фото / пресс-служба ЕЭКЕвразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев: Энергетика бүгүнкү күндө бир эле ЕАЭБ эле эмес, дүйнө жүзүндө эң таасирдүү, орчундуу маселеге айланып калды. Андыктан бул — ЕЭКтин приоритеттүү багыттарынын бири.
Министр по энергетике и инфраструктуре ЕЭК Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Евразиялык экономикалык кеңешинин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев: Энергетика бүгүнкү күндө бир эле ЕАЭБ эле эмес, дүйнө жүзүндө эң таасирдүү, орчундуу маселеге айланып калды. Андыктан бул — ЕЭКтин приоритеттүү багыттарынын бири.
Азыркы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Россия менен Беларусь электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттер болуп эсептелет. Бирок Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында потенциалы жогору экенин эске алсак, түзүлүп жаткан жалпы энергетикалык рынок келечекте өлкөнүн экономикасына чоң таасирин тийгизе алары бышык. Азыркы күндө Кыргызстан гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайыздай гана үлүшүн колдонуп жатат. Ошентсе да 2026-жылга чейин ички энергетикалык таңсыктыкты жоебуз деген план коюп, аны ишке ашырууга бел байлады. Мына ушундай чечкиндүү кадамдар менен кыргыз өкмөтү гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыра баштаса, анда ЕАЭБдин бирдиктүү энергорыногунда татыктуу орунду ээлей алабыз.
— Учурда климат маселеси дүйнөлүк талкуулардын күн тартибинен түшпөй келет. ЕАЭБде да "жашыл" экономикага басым жасоо зарылдыгы байма-бай айтылат. Бул багытта кандай иштер жасалууда?
— 2015-жылы Парижде 2050-жылга чейин өлкөлөрдү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтууга милдеттендирген документ иштелип чыгып, ага 193 мамлекет кол койгон. Мындай милдеттемени ЕАЭБге мүчө өлкөлөр да алганбыз. Андыктан бул багытта да иштер жасалууда. Алсак, уюмга мүчө беш мамлекеттин тең альтернативдүү энергетиканы көбүрөөк иштеп чыгуу боюнча мыйзамдары, колдоо, өнүктүрүү программалары бар. Альтернативалуу энергетика боюнча Армения, Кыргызстан жана Казакстан алдыда. Мисалы, уюм алкагында былтыр колдонулган жалпы энергетиканын 19 пайызы ушул альтернативдик жол менен өндүрүлгөн продукция болгон. Бул көрсөткүч жылдан-жылга өсөт.
— Жалпы энергетикалык рыноктун алкагындагы биржанын келечеги кандай?
— Газ, электр энергиясынын продукцияларын сатуудагы ачык рынок — биржа болуп кала бермекчи. Бул аянтчада атаандаштыкка туруштук берген компаниялардын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ачык рынокто бардык компанияларга бирдей шарттар коюлган. Бүгүнкү күндө аталган биржага Беларустун универсалдык товар биржасы, Казакстандын "Корем" энергетикалык компаниясы жана Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы товар-зат биржасы өттү. Армениянын бул багытта кызыкчылыгы жок, ал эми Кыргызстанда биржа багыты өнүкпөгөндүктөн азырынча катыша элек. Компанияларды каттап иш алып баруу милдети россиялык АТС компаниясына жүктөлүп, ЕЭКтин коллегиясы көзөмөлдөө функциясын аткарат.
РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров россиялык дипломатиянын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Сергей Лавровдун маалымат жыйынынын урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0