Тажикстандан аюу алдырып... "Акжолтой" тасмасынан таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
Казакстандык белгилүү актер Байдылда Калтаев, таланттуу кинорежиссер Мелис Убукеев, келинчеги Айсулуу Хамзамулина, атактуу актер Советбек Жумадылов, келинчеги Сагын Имакеева, кичинекей Жибек Убукеева менен Сеит Убукеевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.
Ал жылы киночулар "Акжолтой" көркөм тасмасын тартып, сүрөттөгү чыгармачыл инсандар аны жаратууга катышкан.
Сценарист, драматург Кадыркул Өмүркулов көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген.
"Мелис Убукеев алгачкылардан болуп мага аңгемемди экрандаштыруу сунушун берди. Иш башталып кеткен. Кинофильмге "Бакайдын жайытындагы" залкарлар Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов тартылмак. Муратбек Рыскулов ал күнгө жетпей бул дүйнөдөн өтүп кеткендиктен ордуна казакстандык актер Байдылда Калтаевди тандап, аны айылдык карыянын ролун аткарганга чакырганбыз. Ал эми Советбек Жумадылов ал кезде көп тасмага тартылып, театрда жигердүү иштеп такыр эле киночуларга карматпай калган. Албетте, башка бирөөнү тапсак деле болмок, бирок Мелис ушул актерду гана тартуу керек экендигин айтып туруп алган. Тасма тартуу иштери Ысык-Көлдөгү Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарында өттү. Директорубуз камерага түшкөн аюуну мамалагы менен Тажикстандагы цирктен атайын алып келдирген. Иш маалында ал баласына эле көңүл буруп алгандыктан мамалагын кайра Душанбеге жөнөткөн. Аюунун ээси жаныбарга түрдүү таттууларды гана берип, такыр эт бердирчү эмес. Актерлор жырткычка жакын болууну каалачу эмес, бирок эптеп тилин таап, камера алдында иштешчү. Бизге жергиликтүү тургундар, жаштар да аябай кол кабыш кылган", — деп жазган Өмүркулов.
Мергенчи Аяз аксакал менен анын колго үйрөтүлгөн аюусу жөнүндөгү "Акжолтой" кинокартинасы кыргыз, орус тилдеринде көрүүчүлөргө сунушталып, азыркыга чейин телевидениеде байма-бай көрсөтүлүп келет.
Тема боюнча:
"Ошондо Манас деп ураан чакырып..." Эпостун 1000 жылдыгынан таберик сүрөт
Океев, Кыдыралиев, Дубашевдин жаш кези. "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
Таллинде сейилдеген Мусаев, Чокморов, Ишенов. Таберик сүрөт
Бакен Кыдыкеева менен Муратбек Рыскуловдун жаш кези. "Салтанаттагы" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0