Океев, Кыдыралиев, Дубашевдин жаш кези. "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / Океевдердин үй-бүлөлүк архивинен
Кичинекей актер Назирет Дубашев, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиев жана атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин сүрөтү 1965-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.
Ленинграддагы Киноинженерлер институтун бүтүп жаткан Төлөмүш Океев дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасын тартууга киришип, анда Кадыржан Кыдыралиев операторлук милдетти аткарган.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кадыржан Кыдыралиев көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:
"Бакайдын жайыты" тасмасынын сценарийин Төлөмүш Океев менен Кадыркул Өмүркулов студент кезинде жатаканада жазган. Мен алар менен иштешкенге чейин Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" кинофильмин тарткам. Негизи Төлөмүш менен иштөө аябай жеңил болчу. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн эле түшүнчүбүз. "Бакайдын жайытын" тартып жатканда ал мага жана сүрөтчү Сагын Ишеновго толук ишенчү, бат эле кыйынчылыксыз тартып бүтүргөнбүз. Ар бирибиз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерден да ашыкча иш кылчубуз. Эртең тартабыз дегенде алдын ала айрым маселелерди тактап, эртеси иш маалында талашып-тартышчу эмеспиз. Эгер бир көйгөй пайда болсо ар бирибиз өз жумушубузду так кылчубуз. Режиссерубуз оңой менен биздин сунуштарды кабыл алчу эмес, ошол эле маалда кеңештерибизди да четке какчу эмес", — деген Кыдыралиев.
Ал кезде Океев 30, Кыдыралиев 29, Дубашев 12 жашта болгон. Кинофильмде Бакайды Муратбек Рыскулов, анын байбичеси Урумду Алиман Жангорозова, алардын уулу Калыктын образын Насирет Дубашев жана Алымдын ролун Советбек Жумадылов аткарган.
Аталган кинокартинаны чет элдик сынчылар жогору баалап, ал Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.
Тема боюнча:
Таллинде сейилдеген Мусаев, Чокморов, Ишенов. Таберик сүрөт
Бакен Кыдыкеева менен Муратбек Рыскуловдун жаш кези. "Салтанаттагы" таберик сүрөт
Сириянын президентинен сыйлык алган Океев. "Сүйүү закымдарынан" таберик сүрөт
Айтматовдун айылына чогулган киночулар. "Айдагы жез кемпирдин" таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0