Апамдын убагында зомбулук көргөнүн эми түшүнүп жатам. Кыздын каты

© Фото / Unsplash / Oanh MJ Апасын кучактап турган кыз. Архивдик сүрөт
Апасын кучактап турган кыз. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына апасынын үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгонун эми баамдап, жан дүйнөсү кыйналган кыз кат жазды.
Саламатсыздарбы, мен 25 жаштамын. Өзүм төрт бир тууганмын, агам жана эки сиңдим бар. Апамды азыр ушунчалык аяйм, бирок убагында көп капа кылганымды кеч түшүндүм.
Атам кичүү бала болгондуктан ата-энеси менен айылда чогуу жашап калыптыр. Апам да колундагы келин катары кайната-кайненеге кызмат кылган. Таятам апам кичинесинде эле каза болуп, таенем апам турмушка чыккандан көп узабай көз жумат. Ошентип апам бардык кыйынчылыктарга чыдап жашаган. Атамды да жакшы көрөм. Абдан кыйын, кыраакы киши болчу. Бирок апамды басынткан сөздөрүн угуп эле чоңойдук. Чоң апам кыздары менен апамды эч кимиси жок катары теңине алчу эмес. Апам эмнегедир бизди көп урушчу. Көрсө, байкуш эч кимге сүйлөй албай ызасын бизден чыгарчу экен. Атам апамды бардык жагынан камсыздаганы менен энесине өйдө карап сүйлөп, апамды коргой алган жок. Бирок карындаштары тайсалдап апама ачык душмандык кыла алчу эмес, ошентсе да тийиштик кылганы байкалчу. Муну психологияда козлайтинг дей турганын эми билдим. Эң өкүнүчтүүсү, баары апаңды алсыз же жаман киши катары көрсө, балдары да апасын ошондой кабылдап калат экен. Мен эч убакта апамдай болгум келчү эмес. Бирок азыр апамды аяйм, түшүнөм. Анткени анын ордуна өзүмдү коём. Ошондон уламбы, кайын журтумдун алдында өзүмдү коргоону үйрөндүм. Чек арамдан өткөрбөйм. Байкуш апам кайненеге баш көтөрө албай эле сөз менен басмырлаган зомбулуктун курмандыгы болуптур. Кээде байкем да апамды алсыз адам катары "апа, андай эмес, силер эмнени билмек элеңер" деп калат. Буга да туугандарыбыздын мамилеси себеп. Бирок мен бир туугандарыма акырындан түшүндүрүп жатам. Сиңдилерим туура түшүнүп калды. Байкем эркектик кылып коёт, өзүмчүлдүгү бар. Азыр кандайдыр бир нерселерди жасап апамды кубанткым келет. Бирок эмне кыларымды билбейм? Апамдын алдында өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Ошол себептен да чоң апамды көп жактыра бербейм, мурункудай жакшы көрбөй калдым.
Психолог Сажира Абдыкаимова: — Саламатсызбы! Катыңыз менен таанышып жатып Карпмандын үч бурчтугун эстедим. Бул жерде сиз "коргоочу", кээ бир жерде "куугунтуктоочу", көпчүлүк учурда апаңыз "күнөөкөр" сезилет. Эмне үчүн бул абалда турганыңыз да белгилүү. Бала ата-энесинен жакшы жашай баштаганда өзүн күнөөлүү сезе баштайт. Ал сезимдер сизди тынч уктатпай да калышы мүмкүн. Бул учурдан чыгуунун бир гана жолу бар. Апаңыздын жашоосу — апаңыздын тандоосу. Ал эми анын айланасындагы ар бир адам — апаңызга бул жашоодо кандайдыр бир турмуш сабагын өтүү үчүн же жан дүйнөсүн өстүрүү үчүн жолуккандар. Муну менен апаңызга көңүл бөлбөй эле коюңуз дебейм. Ичиңиздеги топтолуп, бук болуп чыкпай калган сыяктуу сезимдер тууралуу айткым келди. Кичинекей кезиңизде апаңыздын жаман акыбалда калганын көрүп, алсыз экениңизди билип, өкүнүч пайда болгон. Ошол учурда өзүңүз түшүнүп-түшүнбөй "чоңойгондо мен апамды коргойм" деген нерсе менен жашагансыз. Чоңойдуңуз, балким азыр апаңызды капа кылган ошол адамдар бул дүйнөдө жоктур же алар менен жакшы мамиледедир. Бирок башка адамдар тарабынан кемсинип, басмырланып жатканын сезип жаткандырсыз. Чоң болуп туруп да апаңызды коргой албай жатканыңыз катуу тийиши мүмкүн. Турмуштун сабактарынан өтүү керек деген чоң коңгуроо болуп жатат. Адам жашы бир топко барса да турмуш сабактарынан өтүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарбаса, ал кайра кайталанат. Бирок айланасында башка адамдар болот. Мен сизге өз жашооңузга сереп салып, психологго барып балалыктагы топтолуп сыртка чыкпай калган буктан арылууну сунуштайм.
Кийим кече чачылып жаткан бөлмөдө кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Кайын сиңдилеримдин кылык-жоругу жаныма батты. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0