Бали! Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын утту

© Photo / UWW / Theo LowensteinКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Ал Zagreb Open рейтингдик турниринде америкалык атаандашы менен беттешке түштү.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик турниринде алтын медаль утту.
Эл аралык мелдештин финалында кыргызстандык балбан америкалык спортчу Кайла Миракл менен күч сынашып, аны 7:0 эсебинде жеңип алды.
Жарым финалда япониялык Сакура Мотокини утуп финалга чыккан.
Ага чейин Кытай, АКШ жана Россия мамлекеттеринин балбандарын артта калтырган.
2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0