Сокулукта жер мафиясын уюштурган деп беш адам кармалды. Видео

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание главы и членов "земельной мафии" Чуйской области
Задержание главы и членов земельной мафии Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
Жер мафиясын башкарган Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда жер мафиясын уюштурган делип беш адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөр Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мурдагы "Кадастр" ишканасы) жооптуу кызматкерлери жана "гектарчылар".
Ж.Н.К., 1972-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. "Гектарчылардын" бири, жер мафиясын жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу, Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактарга таризделген 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат;
Ж.М.Ж., 1975- жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. "Гектарчылардын" бири, Ж.Н.К. аттуу адамдын аффилиацияланган кишиси;
Д.М.Э., 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Жер ресурстары кызматынын (мурдагы "Кадастр" ишканасы) Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкери;
А.Б.С., 1972-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкери;
О.А.К., 1965-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган, Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы бөлүмдүн мурдагы башчысы.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу жайына киргизилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар кызмат адамдары Чүй облусунун Сокулук районундагы ВОССТ-2 участогунда жайгашкан 15 гектар жерди Ж.Н.К. аттуу "гектарчынын" адамдарына мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар экени аныкталган. Бул 15 гектар жер жеке турак жай курулушу үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн. Алардын ар бири орто эсеп менен 8 миң доллар турат. Мындан тышкары, жер мафиясын башкарган Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат. Бул 300 гектардын 100 гектары Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында, 200 гектары шаардын четиндеги Рухий Мурас конушунда жайгашкан. Анын орточо баасы 81 миллион долларга, тагыраагы, 7 миллиард 249 миллион 500 миң сомго бааланган", — деп айтылат маалыматта.

Жер мафиясын уюштургандар мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып, кийин аларды сатуу үчүн коррупциялык схема уюштурганы аныкталганы айтылды.
"Жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалындагы жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустар сүйлөшүп алып жасалма документ берип, жеке турак жай куруу үчүн "жер мафиясынын" аффилиацияланган жактарынын пайдасына мамлекеттик актыларды чыгарышкан. Ж.Н.К. мыйзамсыз алынган жер тилкелерин эртерээк сатуу үчүн калктын социалдык жактан аялуу катмарынын кызыкдар тобуна акча төлөп, жер тилкелерине укуктарды тез арада каттоого убада кылып, нааразылык акцияларын уюштурган. Ушуга байланыштуу 2023-жылдын жаз-жай мезгилинде андан акча алгандар өкмөттүн алдында массалык нааразылык акцияларын өткөрүп, Сокулук районундагы ВОССТ-2 жерлерин трансформациялоону тездетүү талаптарын коюшкан ", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ушул сыяктуу коррупциялык схемаларды ачууга багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтосунов (сол жакта) жана жер ресурстары кызматынын маалымат катчысы Тилек Тургуналы уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Кыймылсыз мүлк жаатында документ алуу жеңилдеди. Жер ресурстары кызматынын иши
Жаңылыктар түрмөгү
0