https://sputnik.kg/20240112/bishkek-miting-tyyuu-uzartuu-1081887914.html
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды
Sputnik Кыргызстан
Шаарда акцияларды бир гана жерде уюштурууга уруксат берилди. 12.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-12T14:51+0600
2024-01-12T14:51+0600
2024-01-12T14:52+0600
кыргызстан
бишкек
митинг
чектөө
https://sputnik.kg/img/103962/19/1039621965_0:0:3402:1915_1920x0_80_0_0_233aa0896307a5608d38482cb56c24f0.jpg
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирди.Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту аталган райондун жетекчилигинин арызын канааттандырып, чектөөнү 2024-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин узартты.Митингдерди Жогорку Кеңештин, РФ элчилигинин, президенттик администрациянын жана УКМКнын алдында, "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө болбойт.Шаарда акцияларды бир гана жерде — Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький атындагы скверде уюштурууга уруксат берилет.
https://sputnik.kg/20231208/bazar-miting-tashiev-tapshyrma-1081093717.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103962/19/1039621965_290:0:3314:2268_1920x0_80_0_0_d311efc835263b3eecf63f0c1349bacc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, митинг, чектөө
кыргызстан, бишкек, митинг, чектөө
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды
14:51 12.01.2024 (Жаңыртылды: 14:52 12.01.2024) Шаарда акцияларды бир гана жерде уюштурууга уруксат берилди.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту аталган райондун жетекчилигинин арызын канааттандырып, чектөөнү 2024-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин узартты.
Митингдерди Жогорку Кеңештин, РФ элчилигинин, президенттик администрациянын жана УКМКнын алдында, "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө болбойт.
Шаарда акцияларды бир гана жерде — Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький атындагы скверде уюштурууга уруксат берилет.