13-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял баласы менен Бишкетин көчөлөрүнүн биринде бара жатышат. Архивдик сүрөт
Аял баласы менен Бишкетин көчөлөрүнүн биринде бара жатышат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
13-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январь, ишембиде, күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй аймагында күндүн табы +8...+9, Таласта +7...+12, Ош, Жалал Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарында -1...-6 градус суук болот.
Абанын температурасы борбор калаада +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстандык альпинисттердин тобу Африканын эң бийик чокусу Килиманджарону багындырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0