Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Капалбаев: туура эмес айтылган сөз улут уңгусуна кедергисин тийгизет

© Sputnik / Асель СыдковаЭтнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев
Этнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Этнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев ар нерсени өз атынан атоо тилдин сапатынан эле эмес, улуттун тарбиясынан да кабар берерин айтты.
Сөз — бул тирүү организм. Аны туура колдонуу керек. Мисалы, азыр жаштар "кемпирим", "колуктум", "жубайым" деген сөздөргө маани бербей эле аралаш колдоно беришет. Бул туура эмес. Мындай пикирин Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Капалбаев: туура эмес айтылган сөз улут уңгусуна кедергисин тийгизет
Анын айтымында, ата-эненин туура сүйлөөсү баланын тарбиясына зор таасирин тийгизет.
"Ар нерсени өз аталышынан атоо бир эле тилдин сапатын сактап калууга эмес, улуттук тарбияны бурмалабоого, уңгуга залал келтирбөөгө да таасирин тийгизет. Мисалы, азыр жаштар жубайын "колуктум", "кемпирим" деп тааныштырып же кайрыла беришет. Бирок бул аталыштардын ар биринин орду бар. Мисалы, колукту бул орусча айтканда "невеста", колун сурап жүргөн кези же сөйкө салынган кыз. Ал эми кемпир — бул бири кемип калган пир же болбосо түгөйү каза болгон, жашы улгайган жесир аял. Кыргыз сөзгө абдан аяр мамиле жасагандыктан эч кимдин көңүлүн оорутпай аталышынан эле ким тууралуу сөз болуп жатканын билишкен. "Баланчанын кемпири" дешсе, демек, күйөөсү каза болгон, улгайган жесир аял тууралуу сөз болуп жатканын дароо билишкен. Эки жаш үйлөнүп, жаңы келин келгенде биринчи жоолукту мындай аялга салдырышкан эмес. Ага барып "сага жоолук салганга болбойт турбайбы" деп, же башка бир нерселерди айтып сөздү көбөйтүшкөн эмес, жөн гана анын макамы кемпир экени баарын түшүндүрүп турган. Ошондой эле жаштар арасында дагы бир модага айланган сөз, эркектер "төркүнүмө" деп сүйлөп жүрүшөт. Төркүн кыз баланыкы болот, эркектики ата журту деп айтылат. Биз азыр сөзгө маани бербей "төркүн" деп атоо менен балдарыбызга кандай тарбия беребиз? Кыргыз эркек баласын коргоочу кылып тарбиялоону мына ушундай үйдөн, күнүмдүк айтылган сөздөрдөн баштаган", — деди Капалбаев.
Ал байыркы ата-бабалар эр жигитти аялын, үй-бүлөсүн, андан соң элин коргоого, ал эми кыздарды эпчил, камбыл болууга тарбиялаш үчүн айткан сөзүнөн тарта кийген кийимине чейин өзгөчө көңүл бурганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0