Антонов: АКШ Россия менен кепке келчү соңку мүмкүнчүлүктөрүн да жок кылып алууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРФтин Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив
РФтин Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
Элчи АКШ Россияга карата түрдүү чектөөлөрдү ойлоп табууда улуу держава менен кайра диалогго келүү жолун талкалап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШ Россиянын өнөктөштөрүн чектөөлөрдүн жаңы топтомдорун киргизүүнү айтып коркутуп, мындай аракети аркылуу Россия менен диалогду калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн такыр жок кылып алууда. Бул боюнча РФтин Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов жаңы санкциялар тууралуу айтып жатып билдиргенин РИА Новости агенттиги таратты.
"Вашингтондун санкциялык "чыгармачылыгы" эки тараптуу мамилелерге кошумча доо кетирүүдө. Негизи Россия менен АКШ айрым бир темаларда жакын позицияларда болуп, өз ара сый мамиледе диалогду калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле, бирок АКШ аны такыр талкалап алып жатат", — деген Антонов.
Элчинин айтымында, Вашингтон Россия стратегиялык, анын ичинде экономикалык жактан аксашы үчүн улам жаңы чектөөлөрдү киргизүү аракетинде. Ошол эле учурда РФтин улуттук чарбалык өнүгүүсүнө жана атайын согуштук операцияларды өткөрүүсүнө болушунча бут тосуп келет. Муну менен катар эле дипломат АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган чектөөлөр үчүнчү өлкөлөргө да тиешелүү болуп жатканын кошумчалаган.
"Тактап айтканда, биздин өнөктөштөрдү коркутуу, геосаясий ураандары аркылуу Россия Федерациясы менен эки тараптуу пайдалуу алакаларын бузууну каалашат. Америкалыктар дыкат ойлонулбаган мындай кадамдары дүйнөлүк рыноктун бөлүнүп-жарылуусунун күчөшүнө жол берип жатышканын түшүнбөгөндөй же түшүнгүлөрү келбейт. Глобалдык Түштүктүн, ошол эле өздөрүнүн да сателлиттеринин көз алдында долларлык юрисдикция макамын “кемирип” жатат", — деген элчи.
Жума күнү АКШ президенти Жозеф Байден Россияга каршы санкцияларды киргизүү үчүн укуктук негиздерди кеңейте турган жарлыкка кол койгон. Бул документ Москванын аскердик-өнөр жай комплексине каршы санкциялардан жол табууда көмөк көрсөтүүгө тартылган банктарды каржылык системадан ажыратууга жардамдашат. Эгерде үчүнчү өлкөлөр Россияда өндүрүлгөн продукцияларды, анын ичинде деңиз азыктарын, алкоголь жана алмазды кайра иштетсе, аны импорттоого бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
Москва атайын операцияларды баштагандан бери Батыш өлкөлөрү Россияга карата чектөөлөрдү күчөттү. Владимир Путин чектөөлөр дүйнө боюнча экономикага олуттуу сокку урганын белгилеген. Буга карабастан Россия анын кесепеттерине туруштук бере алды.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Заид Аль Нахайян. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Таасири азайды". Путиндин жаңы союздаштары АКШны түйшөлтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0