https://sputnik.kg/20231215/ukraina-menen-moldavanyn-ebge-kiruusu-1081266812.html
Украина менен Молдаванын ЕБге кириши боюнча сүйлөшүү мөөнөтү аныктала элек
Украина менен Молдаванын ЕБге кириши боюнча сүйлөшүү мөөнөтү аныктала элек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Евробиримдик лидерлери Брюсселдеги саммитте Украина менен Молдаваны аталган уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечкени... 15.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-15T11:21+0600
2023-12-15T11:21+0600
2023-12-15T11:21+0600
дүйнөдө
евробиримдик
украина
молдова
грузия
талапкер
мүчө
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069118974_0:158:2461:1542_1920x0_80_0_0_67f933f7a398884c39ed72376e8a9cdb.jpg.webp
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Евробиримдик лидерлери Брюсселдеги саммитте Украина менен Молдаваны аталган уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечкени менен анын мөөнөтүн аныктаган жок. Бул туурасында РИА Новости жазды. Буга чейин ЕБ саммитинде аталган эки республиканын биримдикке келечекте кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Андан сырткары, Грузияга "талапкер өлкө" макамын берген.Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссиянын өзү 8-ноябрдагы сунуштарында ЕБге мүчөлүк боюнча үч шартты Украинанын аткарбай койгондугун тааныганын айткан эле.ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери 2022-жылдын июнундагы саммитинде Грузияга эмес, Украина менен Молдовага "талапкер мамлекет" макамын ыйгарган. Тбилисиге 12 шарт коюшкан. ЕБдин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель быйыл сентябрда кавказдагы бул мамлекет болгону үч гана шартты аткарганын билдирген.Анткен менен сүйлөшүүлөрдүн башталганы талапкер мамлекеттер ЕБге кирип калды деген түшүнүк эмес. Бул кадамдар Брюсселди эч нерсеге милдеткер кылбайт.Түркия 1999-жылдан бери талапкер катары келе жатат. Түндүк Македония 2005, Черногория 2010, Сербия 2012-жылдан бери биримдикке кирүүгө талапкер. Акыркы болуп ЕБге 2013-жылы Хорватия мүчө болгон, бул процесс 10 жылда араң ишке ашкан.
https://sputnik.kg/20231215/vengriya-ukrainaga-zhardamdy-bogottodu-1081263593.html
украина
молдова
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069118974_43:0:2419:1782_1920x0_80_0_0_c968d4d684ee6ec6fa985efdca0c2a37.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, украина, молдова, грузия, талапкер, мүчө, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, евробиримдик, украина, молдова, грузия, талапкер, мүчө, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Евробиримдик лидерлери Брюсселдеги саммитте Украина менен Молдаваны аталган уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечкени менен анын мөөнөтүн аныктаган жок. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Буга чейин ЕБ саммитинде аталган эки республиканын биримдикке келечекте кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Андан сырткары, Грузияга "талапкер өлкө" макамын берген.
"Еврокеңеш ЕБдин кеңешине 2023-жылдын 8-ноябрында Еврокомиссиянын айтылган сунуштарына карата тиешелүү кадамдар кабыл алынгандан кийин сүйлөшүүлөрдүн ылайыктуу ыкмаларын кабыл алууну тапшырат", — деп айтылган документте.
Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссиянын өзү 8-ноябрдагы сунуштарында ЕБге мүчөлүк боюнча үч шартты Украинанын аткарбай койгондугун тааныганын айткан эле.
ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери 2022-жылдын июнундагы саммитинде Грузияга эмес, Украина менен Молдовага "талапкер мамлекет" макамын ыйгарган. Тбилисиге 12 шарт коюшкан. ЕБдин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель быйыл сентябрда кавказдагы бул мамлекет болгону үч гана шартты аткарганын билдирген.
Анткен менен сүйлөшүүлөрдүн башталганы талапкер мамлекеттер ЕБге кирип калды деген түшүнүк эмес. Бул кадамдар Брюсселди эч нерсеге милдеткер кылбайт.
Түркия 1999-жылдан бери талапкер катары келе жатат. Түндүк Македония 2005, Черногория 2010, Сербия 2012-жылдан бери биримдикке кирүүгө талапкер. Акыркы болуп ЕБге 2013-жылы Хорватия мүчө болгон, бул процесс 10 жылда араң ишке ашкан.
15 Бештин айы 2023, 10:08