Министрлик: Кыргызстанда 2,5 миңден ашык бала бакча куруу зарыл

© Фото / пресс-служба мэрии ОшаБала бакчадагы оюн ойноо залы. Архивдик сүрөт
Бала бакчадагы оюн ойноо залы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бөбөктөрдү толук бакча менен камсыз кылуу үчүн 280 орундуу 2 746 балдар бакчасын куруу зарыл. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук маалыматында айтылат.
"Учурда өлкөдө мектепке чейинки курактагы 1 110 343 бала бар. Анын ичинен 220 012си бакчага барып жатат. Ал эми 768 796 бөбөк балдар бакчасына тартылган эмес. Булардын бардыгын бакча менен толук камсыздоо үчүн 280 орундуу 2746 балдар бакчасын куруу зарыл", — деп жазылат отчётто.
Министрлик өлкөдө кыска мөөнөттүү бакчаларды түзүү боюнча иштер уланып жатканын айтып, Дүйнөлүк банктын каражатына 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.
Ошондой эле бир сменалык мектептерде 73,5 миң баланы камтыган мектепке чейинки топтор ачыла турганын белгилеген.
Мугалим сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Министр: мугалимдердин окутуу ыкмасын жакшыртуу үчүн инновациялык борбор түзүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0