Михаил Мишустин "Россия сегодня" жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Архивдик сүрөт
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
Өкмөт башчы медиа топ медиа мейкиндигинде журналисттик жогорку стандарттарды коюп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин "Россия сегодня" медиа тобунун жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Ал медиа топ алдыңкы позицияны ээлеп, өлкөнүн жана анын сыртындагы медиа мейкиндигинде журналисттик жогорку стандарттарды коюп жатканын белгиледи. Анын күнү-түнү иштеген маалымат агенттиктери ондогон тилде окурмандардын жана радио угармандардын кеңири аудиториясын дүйнөдөгү эң маанилүү окуялар тууралуу ишенимдүү жана объективдүү маалымат менен камсыз кылып турарын айтты.
"Россия сегодня" – бул редакторлордун, публицисттердин, серепчилердин, кабарчылардын жана операторлордун кесипкөй командасы, алардын материалдарын күн сайын жүз миңдеген адамдар окуп, угат. Силер берген маалыматтарда ар кандай ой-пикирлер бар жана бул окурмандарга өз алдынча жыйынтык чыгарууга жардам берет. Медиа топтун масштабдуу долбоорлоруна жүздөн ашык эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде агенттиктер, телеканалдар жана университеттер катышат. Эң алдыңкы технологияларды ар кандай форматта, социалдык тармактарда жана мобилдик тиркемелерде колдонуу — сапаттуу жана суроо-талапка жооп берген контентти чыгарууга мүмкүндүк берет", — деди Мишустин.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Владимир Путин “Россия сегодня” медиа тобун 10 жылдык мааракеси менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0