10-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында кар жаап жатат. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарында кар жаап жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
10-декабрда күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…-5, Талас чөлкөмүндө -2…-7, Ысык-Көл жеринде -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарын облусунда -4…+1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -2…-4, Ош шаарында +6…+8 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0