Россиядан келген үрөндөн мол түшүм ала баштадык. Айыл чарба адисинин маеги

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБуудайдын түшүмүн жыйноо. Архивдик сүрөт
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Кыргызстан заман талабына ылайык үрөндүн сапатын жакшыртуунун камын көрүүдө. Учурда Россиядан келген үрөндөн 80 центнерге чейин түшүм алынды. Сертификатталган үрөн менен дыйкандарды камсыздоо да кыйла жакшырган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов болду. Биз дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо аракети тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асылбек БактыбековАйыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов
Директор Департамента по экспертизе сельскохозяйственных культур при Минсельхозе Бакыт Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов
— Кыргызстанды үрөн менен камсыздоо жаатында өлкөдөгү иш-аракеттер тууралуу айтып берсеңиз?
— 2021-жылы кургакчылыктан улам сугат суу жетишсиз болуп, натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тартыштыгы болду. Ошондуктан 2022-жылы Россиядан 14 101 тонна кылкандуу дан эгиндеринин жана өсүмдүктөрдүн үрөнү алып келинген. Ошол буудай, арпа, сафлор, күн карама, соя, буурчак, беде жана башка үрөндөр себилип, түшүмдүүлүк 80 центнерге чейин жеткен учурлар кездешти. Натыйжада 2023-жылы дыйкандарды сертификатталган үрөн менен камсыздоо күздүк арпаныкы 51 пайыз, жаздык арпаныкы 71 пайыз, күздүк буудайдыкы 45 пайыз, жаздык буудайдыкы 51 пайызга чейин жетти. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарда 15 пайыздан ашчу эмес. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн менен камсыздоону кыйла жакшыртууга мүмкүндүк түзүлдү. Учурда өлкөдө 96 үрөн чарбасы бар. Ошолор менен иш план түзүлдү. Анын алкагында сапаттуу үрөн (супер элита үрөнү — Б.Мамбетов) камдалып, аны дыйкандарга жана экинчи деңгээлдеги чарбаларга 30 пайыз дотация менен берүү уланат. Алып келинген үрөндү жеңилдетилген насыя түрүндө жана накталай акчага алышкан. Мунун максаты үрөнчүлүк чарбалардын материалдык-техникалык базасына жардам берүү жана дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо. Россиядан эле эмес, Казакстан, Беларустан да үрөн алынып сыналып жатат.
— Былтыр Россиядан кандай үрөндөр алынды?
— Россиядан келген 14 101 тонна үрөндүн 1700 тоннадан ашыгы күздүк буудай (элита), ошондой эле биринчи репродукция 1185 тонна, жаздык буудай (элита) 1140 тонна, ал эми жаздык буудайдын биринчи репродукциясы 2000 тоннага жакын. Арпа (элита) 3056 тонна, жаздык арпанын биринчи репродукциясы 3800 тонна алып келинди. Мындан тышкары, күн карама, сафлор, соя, беденин үрөнү келип, 4,5 пайыз менен дыйкандарга таратылган. Аларды сээп, түшүмү кайрадан эле дыйкандарга дотация менен сатылды. Үрөндү алгандан кийин дыйкандар биздин лабораторияларда текшертип алса болот.
© Пресс-служба правительства КРБакыт Мамбетов: Россиядан келген 14 101 тонна үрөндүн 1700 тоннадан ашыгы күздүк буудай (элита), ошондой эле биринчи репродукция 1185 тонна, жаздык буудай (элита) 1140 тонна, ал эми жаздык буудайдын биринчи репродукциясы 2000 тоннага жакын
Доставка пшеницы из России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Бакыт Мамбетов: Россиядан келген 14 101 тонна үрөндүн 1700 тоннадан ашыгы күздүк буудай (элита), ошондой эле биринчи репродукция 1185 тонна, жаздык буудай (элита) 1140 тонна, ал эми жаздык буудайдын биринчи репродукциясы 2000 тоннага жакын
— Азыр Кыргызстандын үрөн чарбасы жакшырды деп айтууга болобу?
— Сөзсүз. Буга чейин өлкө чарбасынын 15 пайызын гана сертификатталган үрөн менен камсыздачубуз. 2023-жылы бул көрсөткүч 55-45 пайызга чыкты. Ал эми жаздык арпа 71 пайызга чейин жетти. ЕАЭБдин алкагында дүйнөнүн жарымын үрөн менен менен камсыздаган Россия, Казакстан жана Беларусь менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барабыз. Алардын жаңы сортторун бизге алып келип сыноодон өткөрөбүз. Биздикин аларга беребиз. Азыр Казакстанда жаңы сорт чыкты. Аны Кыргызстанга сыноого алып келишти. Казактар көбүнчө кайрак жерлерге себишет. Бизде деле андай айдоолор бар. Ошол кайрак жерлерден алынуучу түшүмдүү көбөйтүү үчүн ушундай жаңы сорттор керек. Сыноодон жакшы өтсө үрөнчүлүк чарбаларга сунуштайбыз. Алар алып келип дыйкандарга сатат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти үрөндүн сапатын, көчөттөрдү, данды жана аны кайра иштетүүчү продукцияларды экспертизалоо жана баалоо, сортторду сыноо, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сыноо менен алектенет. Сапаттуу үрөн айыл чарба процессиндеги эң маанилүү кадамдардын бири. Сапаттуу үрөн жакшы түшүм алууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө боло алат. Сертификатталган үрөн сапаттын кепилдиги. Аларга экспертизадан өткөндөн кийин сертификат берилет. Бул үчүн атайын ыкмалар колдонулуп, лабораториядан текшерилет.
© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБакыт Мамбетов: Россиядан 100 тоннага жакын жапайы чөптүн үрөнүнүн 95 пайызы жер-жерлердеги жайыттарга таратылууда. Жайыт комитеттер менен айыл өкмөттөрү биргеликте себүү иштерин жүргүзүп жатат.
Реконструкция Центрального стадиона в Екатеринбурге к ЧМ-2018 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Бакыт Мамбетов: Россиядан 100 тоннага жакын жапайы чөптүн үрөнүнүн 95 пайызы жер-жерлердеги жайыттарга таратылууда. Жайыт комитеттер менен айыл өкмөттөрү биргеликте себүү иштерин жүргүзүп жатат.
— Малдын асылдуулугун арттырууга бир катар шарттар түзүлүүдө. Үрөн чарбаларга кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?
— Республикадагы 96 үрөн чарбасы бир катар талаптарга ылайык иш алып барууга тийиш. Алар менен тыгыз кызматташабыз. 309-токтомго ылайык, мамлекеттик фонддогу жерлердин 50 пайызы Айыл чарба министрлигине өткөрүлгөн. Райондук жергиликтүү башкармалыктар ар бир чарбаны карап, бир критерийге келтирген. Ошонун эсебинен ал чарбаларга жер берип жатабыз. Сапаттуу үрөн менен камсыз болгон чарбалар эгинден түшүм алып беришет.
— Россиядан дагы 100 тоннага жакын жапайы чөптүн үрөнү алып келинет деди эле...
— Ооба, келди. Анын беш тоннага жакыны элита репродукциясындагы үрөн. Ал Ысык-Көлдөгү жана Кеминдеги үрөнчүлүк чарбаларга берилет. Акырындык менен жапайы чөптөрдүн үрөнүн өндүрүү максатында себилди. Ал эми 95 пайызы жер-жерлердеги жайыттарга таратылууда. Жайыт комитеттер менен айыл өкмөттөрү биргеликте себүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, багбанчылык платформасына да көңүл бурулууда. Азыр биздин кызмат да санариптешүүдө. Көчөттөргө "вирусу жок" деген түшүнүктү киргиздик. Муну менен Кыргызстанга таза көчөттөрдү киргизүү жагын да карадык.
Жол оңдоо техникасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Курулган жолго үч жылга кепилдик берүү — бул коррупция. Адистердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0