Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: пенсия системасы боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргызстанда жылына 50 миң киши пенсияга чыкса, анын 70 пайызы мөөнөтүнөн мурда жана жеңилдетилген категорияга киргендер болорун айты.
Пенсиялык системага мезгил талабына жараша өзгөрүүлөр кирип турушу керек. Мисалы, азыр бизде эле эмес дүйнө жүзү боюнча адамдардын жашоо өмүрү төрт жылга узарганы айтылууда. Буга байланыштуу пенсиялык курак да жогорулашы шарт. Азырынча Кыргызстан мындай кадамга бара электигин Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алиев: пенсия системасы боюнча мыйзамга өзгөрүүлөр сунушталууда
Анын айтымында, 2006-жылы өлкөдө 80 жаштан жогору 20 миң пенсионер болгон болсо, 2022-жылдын соңу менен 56 миңге жеткен.
"Кыргызстанда пенсияга жылына 50 миңдей адам документ тапшырат. Анын 70 пайызын мөөнөтүнөн мурда жана жеңилдетилген пенсияга чыккандар түзөт. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мурдагы сунушубузда ушул эки категорияны тең жоюп салууну сунуштаганбыз, бирок ал Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган эмес. Учурда биз аялдар 35 жылдык эмгек стажы болсо 55 жаштан, эркектер 40 жылдык стажы болсо 60 жаштан пенсияга чыкканга мүмкүнчүлүк берген беренесин жоюп салууну сунуштап жатабыз. Мындай укугунан бизде жылына 20 миңдей адам пайдаланып келет. Өлкөдө жалпы пенсияга чыгуу жаш курагы аялдар үчүн 58, эркектерге 63 деп каралган. Биз мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну алып салып, мына ушул жалпы режимде калтырууну сунуштадык. Мындан сырткары, буга чейин СССР учурунда эмгектенгени боюнча справка талап кылчубуз. Алар мамлекеттик архивге которулбай калып көп түйшүк жаралчу. Учурда биз эсептеп чыктык. Ошол учурда иштегендиги үчүн эң көп чыкса 650 сом эсептелет экен. Биз аны да көтөрүп 900 сом төлөп беребиз. Тагыраак айтканда, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул да бар. Эч кандай справка талап кылбай эле, пенсияга чыгарда СССР учурунда иштегени үчүн 900 сом чегерилет", — деди Алиев.
Ал мыйзам долбоорунда эң төмөнкү эмгек стажын киргизүү да сунушталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0