Шашылыш билдирүү! 9-декабрда Кыргызстанга чыкылдаган суук түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар астында жолду өтүп бара жаткан кыздар. Архивдик сүрөт
Кар астында жолду өтүп бара жаткан кыздар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Ызгаардуу суук кийинки жумада, 12-декабрда баштала турганы айтылды.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 9-декабрдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, 14-декабрда айрым жерлерде абанын температурасы түнкүсүн -24 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
"Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
9-11-декабрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, түн ичинде -8…-13 градус, күндүз 0…-5 градус суук болсо, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус суук болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -3...+2, күндүз 3…8ге чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градуска жетет.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27 градусту көрсөтөт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус ызгаардуу суук болот.
12-14-декабрда абанын температурасы мындан да төмөндөп, катуу суук түшөт.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 градуска жетиши ыктымал. Ысык-Көл ойдуңунда абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11…-16 градуска чейин жетет.
Тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -14…-19, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -35 градуска чейин жетери эскертилди.
Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Бишкекте жаңы жылдык башкы балатын орнотуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
“Ала-Тоо” аянтына жаңы жылдык башкы балаты орнотула баштады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0