Пентагон башчысы Израилге стратегиялык жактан жеңилүү тобокелдигин эскертти

© AP Photo / Ohad ZwigenbergИзраил армиясынын аскерлери Газа тилкесинде. Архив
Израил армиясынын аскерлери Газа тилкесинде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Израилге Газа тилкесинде жөнөкөй калктын өлүмүнө жол бербөөнү жана аларды коргоону максат кылышы керектигин эскертишти.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Израиль Газа секторунда стратегиялык жеңилүүгө кабылышы мүмкүн. Бул туурасында Пентагондун башчысы Ллойд Остин Улуттук коргонуу боюнча өткөн Рейгандык форумда айтканын РИА Новости жазды.
“Кагылышуунун бул түрүндө оорболуп турган борбордук чекит — карапайым эл. Эгерде силер аларды душмандын ичине айдап салсаңар, тактикалык жеңишти стратегиялык жеңилүүгө алмаштырасыңар”, — деген Пентагон жетекчиси Калифорнияда сүйлөп жатып.
Анын айтымына караганда, Израиль тарап Газа тилкесинде жөнөкөй калктын өлүмүнө жолбербөөнү жана аларды коргоону негизги максат кылганда гана ХАМАСка каршы күрөштө жеңишке жетиши мүмкүн.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУИзраиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны акыркы маалыматтарда 16 миң кишиге жетсе, алардын беш миңден ашыгы балдар экени айтылды. Жарадар болгондордун саны 35 миңден көп дешти.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,2 миң -1,4 миңдин тегерегиндеги киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын.

Убактылуу элдешүү

Израиль армиясы менен Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда күчүнө кирген. Катардын ортомчулугу менен эки тарап бир пикирге келгени белгилүү болгон. Бул — абал курчуп кеткен 7-октябрдан берки биринчи жолку ири макулдашуу. Учурда тараптар туткундарды алмашып жатат. Кийин элдешүү дагы эки күнгө уланган. 1-декабрда тынчтыкка келүү мөөнөтү аяктаган соң Израиль тарап кайрадан ок чыгарган.
Газа тилкесинде кургактагы операция учурунда израилдик жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
АКШ Израилге кандуу булоон Газанын түштүгүндө кайталанбашы керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0