АКШ Израилге кандуу булоон Газанын түштүгүндө кайталанбашы керектигин айтты

© AP Photo / Ohad ZwigenbergГаза тилкесинде кургактагы операция учурунда израилдик жоокер
Газа тилкесинде кургактагы операция учурунда израилдик жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
АКШ президенти Вашингтон менен Тель-Авив Израилдин Газанын түштүгүндө жүргүзө турган операциясынын алдында пландарды дагы бир ирет талкуулап алышы керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхуга Тель-Авив Газанын түндүк бөлүгүндө жасаган аракеттерин анклавдын түштүгүндө кайталабашы керектигин айтты. Бул тууралуу Axios порталына таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта Байдендин администрациясы түштүк тарапта болчу согуштук аракеттер адам өлүмүн көбөйтүп, гуманитардык кризисти тереңдетип жиберет деп катуу тынчсызданып жатканы айтылат.
"Байден Нетаньяхуга Израилдин Газанын түштүгүндөгү ири масштабдуу чабуулу анклавдын түштүк бөлүгүндө кайталанышына жол бербөө керектигин айтты. Ал жакта азыр миллиондогон палестиналык баш калкалап турат", — деп айтылат кабарда.
АКШ президенти Вашингтон менен Тель-Авив Израилдин Газанын түштүгүндө жүргүзө турган операциясынын алдында пландарды дагы бир ирет талкуулап алышы керектигин белгилеген. Маалымат берген адамдын айтымында, Нетаньяху мындай талкуу зарыл экенине макул болгон.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 16 миң кишиге жетсе, алардын төрт миңден ашыгы балдар экени айтылды. Жарадар болгондордун саны 35 миңден көп дешти.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын.

Убактылуу элдешүү

Израиль армиясы менен Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда күчүнө кирген. Катардын ортомчулугу менен эки тарап бир пикирге келгени өткөн шаршембиде белгилүү болгон. Бул — абал курчуп кеткен 7-октябрдан берки биринчи жолку ири макулдашуу. Учурда тараптар туткундарды алмашып жатат. Кийин элдешүү дагы эки күнгө уланган.
Вашингтондогу Ак үйдун алдындагы Палестина желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Палестин-израиль чыры: Байдендин кеңсеси эки жээкке бөлүнүп калганы айтылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0