Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада аткаминерлерди да фронтко жөнөтүү тууралуу кеп айтылды

© AP Photo / Hanna ArhirovaУкраинада аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Украинада аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Жазылуу
Украинанын запастагы полковниги бул фронттогу аскерлердин жетишсиздиги менен байланыштуу экенин айткан.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Украинада аскер кызматкерлери жетишсиз болгондуктан аткаминерлерин да фронтко жөнөтүү керек. Мындай пикирин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги Роман Свитан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекеттен акча же пенсия алган бардык мамлекеттик кызматкерлер аскер кызматында болушу керек. Бул мамлекеттин өзөгү. Бизде мамкызматкерлердин болгону бир пайызы гана аскердик милдетин аткарат. Баары аткарышы керек да, күч түзүмдөрүн, күзөт фирмаларын кошуп, алардын баары чакырылышы зарыл", — деген Свитан.
Полковник жүз миңдеген аткаминерлерди аскерге чакыруу жумуштун сапатына эч кандай таасир бере албайт деп эсептейт. Буга ал мындай сандагы мамлекеттик аппарат керек эмес деген жүйөнү келтирген.
Украинада 2022-жылдын 24-февралынан баштап аскердик абал режими киргизилген, эртеси Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Аларга аскерге чакыруу көчөдө, кафеде, май куюучу жайларда чакыруу берилип жатканын чагылдырган видео тараган. Ошондой эле чакырууларды аймактык Толуктоо жана социалдык колдоо борборунун өкүлү бериш керек деген да эреже сакталбай калган. Аны жаран иштеген ишкананын жетекчиси, үй комитет башчысы, дагы башка жетекчилик кызматтагылар да тапшыра берүүгө өтүшкөн.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде маалымат жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: НАТО Киевди Россия менен эпке келүүгө үндөп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0