Сиңдимдин абийирин кантип жабууну билбей башым маң. Аялдын каты

© Photo / Unsplash / Amr Taha™Кош бойлуу болуп калган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кош бойлуу болуп калган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушка чыга элек сиңдиси кош бойлуу болуп калган аял кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен 38 жаштамын. Өзүмдүн үч балам бар. Баары мектепте окуйт. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Бирок жакындан бери бир ой тынчымды алып келет. Анткени 23 жаштагы сиңдим жигитинен кош бойлуу болуп калыптыр. Азыр 6 ай болуп калды, бир ай мурун билдим. Биз үйдө эки эле кызбыз. Эки агам бар. Алардын бирөө айылда, бирөө шаарда жашайт. Сиңдим өзүнчө батирде кыздар менен жашачу. Турмушка тие турган болуп жаткан, бирок тигил баланын жагымсыз жактарын байкап калып, той токтоду. Кыскасы, өз ара келише албай калышты. Ал учурда үч жумалык боюнда бар экен. Бала тууралуу билген эмесмин. Сиңдим акыркы кезде мени менен деле жолугушпай, үйгө келбей качып калган. Бир күнү үйүнө издеп барып акыбалын ошондо билдим. Жигити баланы "алдыр" деген бойдон жоголуптур. Өзү "төрөйм" деп отурат.
Ошондон бери эле ойлонуп баштадым. Баланы менин багып алуума сиңдим каршы эмес. Бирок ата-энебизге, байкелерибизге жана күйөөмө кантип айтууну билбей жатабыз. Бир чети эч кимдин көзүнө "көрүнбөй тур" деп жатам. Анткени үйдөгүлөр билбесин. Ал эми күйөөмө ачык айтып, төрөтканадан чыгары менен "багып алалы" деп айтсамбы дейм. Же "бала бакканы жатам" деп эле ачык айтпай багып алсамбы, билбейм. Ошонун жол-жобосун карап жатам. Ойлорум да чаташып калды. Кантип жаңылбай, абалдан чыгып кетсем. Сиңдим "баладан баш тартып балдар үйүнө бербейм, сиз ала албасаңыз өзүм эле багам. Баарына чыдайм" деп жатат. Мен анын тагдырын талкалагым келбейт. Ал да үй-бүлө курушу керек. Ошол себептен мен багайын деп жатам. Багып алууга кудуретим жетет. Сиңдим төрөп, кыркынан чыгарып жумушуна иштей берсин. Бала мени "апа" деп, балдарыма бир тууган болсун. Кийин сиңдим турмуш куруп кетер. Психологдордон кеңеш сурайм. Же ата-энебизге ачык айтсакпы, анда аларга катуу тиет го. Жеңелеримдин угушун да каалаган жокмун.
Психолог Гүлнара Жасоолова: — Бул каттын ээси энелик, эжелик камкордук жасоодо. Бирок 18ден ашкан ар бир адамдын жеке ою бар. Ошол себептен сиңдиңиздин ой-пикирин да сурап көрүшүңүз керек. Бул сиздин чечим экени байкалып турат. Баланын атасы менен да сүйлөшүп, жакшылап түшүндүрсө экөө турмуш куруп кетер. Анда баланын да тагдыры бузулбайт. Буларга да ата-эне милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек деген ойдомун. Сиңдиңиз менен кеңешкениңиз оң го. Сиз элден жашырып, эч кимге угузбай, идеалдуу бүтүрүп салууну каалаганыңыз байкалып турат. Балким, сиңдиңиз өз баласына өзү мээрим төккүсү келип жаткандыр. Ошол себептен ар бир адамдын өзү чечим чыгаруусуна убакыт берүү керек.
Аял муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Апам чуудан арылып, тынч өмүр сүрүшүн каалайм. Кооптонгон кыздын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0