Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн окумуштуулардын объективине түшүп калган сейрек кездешүүчү жаныбарларды көрө аласыз.Жер бетинде жаныбарлардын, чымчыктардын, балыктардын жана курт-кумурскалардын 8 миллионго жакын түрү катталган. Планетада триллионго жакын жан-жаныбар жашоосун кечирип келет. Алардын ичинде бактериялар менен вирустар да бар. Муну менен катар эле планетабыздан жылына жан-жаныбардын 50-70 миңге чукул түрү жок болуп турат.Окумуштуулар илимий изилдөөлөр үчүн сейрек кездешкен жаныбарларды тартып алууга аракет кылышат. Сүрөт жана видеолорду экспедиция учурунда фотокапкандардын жардамы менен чогултушат.Тема боюнча:
Планетада жыл сайын ондогон жаныбар тукум курут болот.
Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөктөн окумуштуулардын объективине түшүп калган сейрек кездешүүчү жаныбарларды көрө аласыз.
Жер бетинде жаныбарлардын, чымчыктардын, балыктардын жана курт-кумурскалардын 8 миллионго жакын түрү катталган. Планетада триллионго жакын жан-жаныбар жашоосун кечирип келет. Алардын ичинде бактериялар менен вирустар да бар. Муну менен катар эле планетабыздан жылына жан-жаныбардын 50-70 миңге чукул түрү жок болуп турат.
Окумуштуулар илимий изилдөөлөр үчүн сейрек кездешкен жаныбарларды тартып алууга аракет кылышат. Сүрөт жана видеолорду экспедиция учурунда фотокапкандардын жардамы менен чогултушат.
Болжол менен Австралияда тартылган чөнтөктүү карышкыр. Терисиндеги жол-жол тактары бар бул жаныбарды тасман жолборсу деп да аташкан. 1936-жылы аны расмий түрдө тукум курут болду деп жарыя кылышкан.
Galeommatoidea Cymatioa cooki түрүндөгү кош капкалуу моллюскалар. Мурда аларды таш болуп катып калган түрүндө кездештирип келишсе, кийин Санта-Барбаранын сууларынан тирүү табылган.