Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: камсыздандыруу төгүмдөрүнө 9 айда 14 млрд. сом чогултулду

© SputnikСоциалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2023-жылдын тогуз айында 14 миллиард сом профицит менен чыгышканын айтты.
2023-жылга 12 миллиард профицитти болжолдогонбуз, бирок тогуз айдын жыйынтыгында эле 14 миллиард чогултулду. Бул тууралуу Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алиев: камсыздандыруу төгүмдөрүнө 9 айда 14 млрд. сом чогултулду
Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көбөйүшү айлык маяналардын жогорулашы менен байланыштуу.
"2021-жылы 1 миллиард 700 миллион, 2022-жылы 10 миллиард 200 миллион сом профицит менен чыкканбыз. Ал эми 2023-жылга 12 миллиард деп болжолдодук эле, бирок тогуз айдын жыйынтыгында эле 14 миллиардга жеттик. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өсүшүнө медицина, педагогика тармагындагы айлык акынын жогорулашы себеп болду. Дал ушул кесип ээлери ар дайым мыйзам чегинде көрсөтүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүп келишет. Ошондуктан да 2023-жылдын бюджетин кабыл алып жатканда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн сегиз пайызга көтөрүүнү болжолдогонубуз менен жыйынтыгында 38 пайызга көтөрүү мүмкүн болду. Эми 2024-жылга да жети пайызга жогорулатабыз деп бюджетке киргиздик. Бирок бул чек эмес. Июль айында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен түшкөн каражатты эсептеп чыккан соң так белгилүү болот", — деди Алиев.
Ал быйылкы пенсиянын көбөйтүлгөнүнө 2023-жылдын үч айына 3 миллиард 905 миллион сом керектелсе, 2024-жылдын тогуз айына 16 миллиард сомдой каражат кетерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0