00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:10
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ХАМАС Израиль менен гуманитардык элдешүүгө жетишкенин жар салды

© AFP / FADEL SENNAСдеротко жакын жерде Израилдин бомбалоосунан кийин чыккан түтүн
Сдеротко жакын жерде Израилдин бомбалоосунан кийин чыккан түтүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Анткен менен ХАМАС "убактылуу элдешүү тууралуу келишимге карабастан батальондору аскердик даярдыкта турарын" эскертти.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ХАМАС Израиль менен Газа секторунда төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, израилдик 50 туткунду 150 палестиналыкка алмашып бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кыймылдын Telegram-каналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин төрт күнгө гуманитардык элдешүү тууралуу макулдашууга жетиштик. Мында Катар менен Египеттин аракети күч болду. Бул убакыт аралыгында эки тарап тең ок чыгарбайт, Газа секторунун бардык аймагында оккупациялык армия согуштук аракеттерин токтотот, эч кандай техника жүрбөйт", — деп айтылат маалыматта.
ХАМАСтын билдиргенине караганда, макулдашуунун алкагында Газанын түндүк менен түштүк райондорунун баарына гуманитардык, медициналык жардам жана отун жүктөлгөн автоунаа колонналары өткөрүлмөкчү.
"Мындан тышкары, оккупациялык түрмөлөрдө кармалып турган 150 аял менен 19 жашка чейинки балдарды чыгарып бошотобуз", — деп жазылган билдирүүдө.
Анткен менен ХАМАС "убактылуу элдешүү тууралуу келишимге карабастан батальондору аскердик даярдыкта турарын" эскертти.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 14 миң кишиден ашып, 33 миңден көп адам жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча, 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Араб мамлекеттер лигасы жана Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) биргелешкен комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Лавров: Газада тынчтык орнотуу үчүн тиешелүү шарттар зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0