ХАМАС лидери Израиль менен убактылуу элдешүүгө аз калганын жар салды

© AFP / MOHAMMED ABEDХАМАС кыймылынын башчысы Исмаил Хания. Архивдик сүрөт
ХАМАС кыймылынын башчысы Исмаил Хания. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери кагылышуунун себепкери болуп келет.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. ХАМАС кыймылынын Газа секторундагы саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания элдешүү боюнча сүйлөшүүдө кыйла жылыш бар экенин билдирди. Мындай жоопту ал эки тарапка ортомчу болгон жактарга жолдогонун РИА Новости жазды.
"Кыймыл Катардагы боордошторго жана башка ортомчу болгон тараптарга элдешүүгө жакын калганыбызды кабарлады", — деп жазылган билдирүүдө.
Өткөн жумада Washington Post гезити АКШ, Израиль жана ХАМАС туткундарды бошотуу үчүн Газа секторундагы согуш отун беш күнгө токтото турууга келишип жатканын билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 13 миң кишиге жетсе, 31 миңден көп адам жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча, 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Бир айдан ашуун убакыттан бери тутанып жаткан согуш оту эл аралык уюмдардын, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун 101 кызматкеринин өмүрүн алган. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдирген.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Эрдоган: АКШ Иракка кол салганда калп шылтоо айткан, Израиль да аны кайталоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0