Эрдоган: АКШ Иракка кол салганда калп шылтоо айткан, Израиль да аны кайталоодо

© AP Photo / Markus SchreiberТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Түркия президенти АКШ Иракта массалык кыргын сала турган курал бар деген калп шылтоо менен анын аймагына бастырып киргенин эске салды. Ал Израиль дагы агрессиясын чырмалышкан калп менен актап жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Израиль Газа секторуна жасаган аскердик кылмыштарын жалган шылтоолор менен актоого аракет кылууда деп билдирди. Түркия лидери мындай ыкманы АКШ Иракка басып кирген учурларда жасаганын кошумчалаганын РИА Новости агенттиги жазды.
20 жылдан ашык убакыт мурун, 2003-жылдын 20-мартында АКШ жана анын союздаштары "Ирак боштондугу" (Iraqi Freedom) аскердик операциясын башташкан. Бул Саддам Хусейндин бийлигин кулатууга багытталган эле. Май айында коалиция өлкөнү кадимкидей эле басып алып, анын аймагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясы жок эле интервенция кылуусуна – Ирак массалык кыргын кылуучу куралдардын запасын каткан деген шылтоо болгон. Америкалык чалгындоо кызматтарынын бул маалыматтары калп болуп чыккан. Согушта 100 миңден ашык жай тургун каза болуп, абал сунниттер менен шииттердин ортосундагы жаңжалдын күчөшүнө, күрддөр маселесинин курчушуна алып келген.
"Эске салсак, АКШ массалык кыргын сала турган куралы бар деген калп шылтоо менен Иракка бастырып кирген. Тилекке каршы, бул жалган маалымат дароо жокко чыгарылган эмес. Бүгүнкү күндө Израиль дагы агрессиясын, башка аймакка кирип баруусун чырмалышкан калптын арты менен актоо аракетинде. Израиль бул кылмыштарды капыстан же аңдабай, түшүнбөй туруп жасап алган жок, баарын аң-сезимдүү эле жасады. Бардык массалык түрдө өлтүрүүлөр кандай жүргүзүлөрү иштелип чыккан, пландалган, балдарды, аялдарды, мырзаларды кайсы жерде кандай жагдайда өлтүрүрөшүн ойлонуп чыгышкан. Израиль ооруканаларды танк, пушкалар менен аткылап жатат, винтовка тууралуу айтпай эле коеюн. Алар тоннелди дагы деле оорукананын астынан издеп жатышабы? Мунун баары калп болуп чыкты", – деген түрк лидери Берлинден кайтып келе жатып учакта журналисттерге берген жообунда.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 11,5 миң кишиге жетсе, алардын 4 миңден ашыгы балдар экени, 29 миңден көп адам жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча, 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Бир айдан ашуун убакыттан бери тутанып жаткан согуш оту эл аралык уюмдардын, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун 101 кызматкеринин өмүрүн алган. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдирген.
Палестиналыктар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израилдин бомбалоосу болгон жердеги кыйроого учураган жерлерди текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Газа секторунда набыт болгондордун саны 12 миңге жетти, дээрлик жарымы балдар
Жаңылыктар түрмөгү
0