Бишкекте фехтование боюнча чемпионат өтөт. Убактысы

© Фото / Pexels / Tima MiroshnichenkoФехтование боюнча спортчулар машыгып жатат. Иллюстративдик сүрөт
Фехтование боюнча спортчулар машыгып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте эртең 19-ноябрда фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматта мелдештер эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулардын катышары айтылды.
Иш-чара борбор калаадагы 7-кичи районунда жайгашкан "Мушкетёры" залында, саат 10:00дө башталат.
UFC мушкери. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
18-ноябрда UFC турниринде кыргызстандык мушкердин алгачкы беттеши болот
Жаңылыктар түрмөгү
0