Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

Спикерлер Шакиев менен Матвиенко жолукту. Эмне тууралуу сөз болду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСпикерлер Шакиев менен Матвиенко жолукту
Спикерлер Шакиев менен Матвиенко жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Жолугушуунун алкагында Матвиенко ЖКнын төрагасына Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 400 миңден ашуун кыргызстандыктын архивде сакталган жеке маалыматтары камтылган жыйнактын көчүрмөсүн тапшырды.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/4

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон - Sputnik Кыргызстан
2/4

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/4

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген

Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген - Sputnik Кыргызстан
4/4

Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген

1/4

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукканын парламенттин мааалымат кызматы кабарлады

2/4

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болгон

3/4

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген

4/4

Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген

Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеген. Өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирген.
"Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерге байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан эки тараптуу алакаларды кеңейтүү менен катар КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты арттыруубуз кажет", – деп кошумчалаган парламенттер аралык байланыштарга токтолгон ЖК төрагасы.
Жолугушууда спикерлер соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар тууралуу да сөз кылышты.
Шакиев эки өлкө ортосундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирүү зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, билим берүү жаатында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жигердүү улантуу зарылчылыгын айткан.
Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолгон. Айрыкча, КМШ ПААнын жана Парламенттер аралык комиссиянын деңгээлиндеги өнөктөштүктү активдештирип, тармактык комитеттердин ортосундагы алакаларды да арттыруу керектигин билдирген спикер айым Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик көзөмөлдүн ролу зор экенин белгилеген.
Акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келгенин айткан төрайым бул иш сапарында өлкө тездик менен өнүгүп жатканына күбө болгонун, буга Бишкек шаарындагы өзгөрүүлөр мисал экенин кошумчалаган.
Матвиенко Шакиевге Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 400 миңден ашуун кыргызстандыктын архивде сакталган жеке маалыматтары камтылган жыйнактын көчүрмөсүн тапшырды.
Эскерте кетсек, бул жолугушуу Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарынын алкагында уюштурулду.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Садыр Жапаров РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Матвиенкону кабыл алды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0