Момунбаева: улуу памирликтер элечектин байыркы технологиясын сактап келишет
11:28 15.11.2023 (Жаңыртылды: 11:30 15.11.2023)
Жазылуу
Улуттук тарых музейинин жаңы тарых бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Назира Момунбаева Улуу Памирдеги кыргыздардын этникалык кол өнөрчүлүккө болгон мамилесине токтолду.
Улуу памирликтерди Түркия өкмөтү жакшы камкордукка алыптыр. Ошого карабай алар кийимди өздөрү тигип киет экен. Бул тууралуу Назира Момунбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Момунбаева: улуу памирликтер элечектин байыркы технологиясын сактап келишет
Анын айтымында, кыз-келиндери улуттук кийимдерди жаратуу технологиясын муундан-муунга үйрөтүп жүрүп отурушат.
"Мамлекет тарабынан алгач ирет колдоо алып уюштурулган "Улуу журт" долбоорунун максаты — өлкөдөн алыс жашап жүргөн этникалык кыргыздардан кабар алып, алардын маданий мурастарын сактап калуу. Мына ушул долбоордун алкагында Улуу Памирге барганыбызда бизди таң калтырганы алардын заманбап жашоо менен байыркы улуттук салт-санаабызды айкалыштыра жашап жатканы болду. Ар бир үйдө керектелүүчү техниканын баары бар. 2-3төн муздаткыч, кир жуучу, идиш жуучу машиналары, спутник каналдары аркылуу телевизор көрүп отурушат, айтор, Түркия өкмөтү аларга жакшы камкордук кылат экен. Бирок ошого карабай өздөрү тиккен гана кийимди кийишет экен. Мурдагыдай эле жаш кыздарга, келиндерге, улгайган байбичелерге арналган өң-түстөр, фасондорду карманышат. Кийимдерине байыркы оюулар түшүрүлгөн. Мисалы, элечекти алар каляк деп коёт. Аны жасоо технологиясы кеминде 200-300 жылдан бери өзгөрүүсүз келатканы көрүнүп турат. Каляктын өзү, кеп такыясы, дүра жоолугу ошол илгерки боюнча. Бир эле аялдардын эмес, эркектердин да кийим-кечеги нукура өзөгүн сактап калган. Улуу памирлик энелер тиккен кийим-кечегин кыздарына бөлүштүрүп калтырып кетет экен, кызы жок болсо келинине берерин айтышты. Аны тигүү технологиясын да мына ушундай эле эрежеде үйрөтүшөт", — деди Момунбаева.
Окумуштуу алардын кийим-кечелерине XVII-XVIII кылымдарга таандык оюулар түшүрүлөрүн кошумчалады.