Токмокто жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / Pexels/ Hassan OUAJBIRУнаа панели. Архивдик сүрөт
Унаа панели. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
Жол кырсыгы 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында болгон.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Токмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиТокмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Задержание водителя Subaru Forester сбившего насмерть человека в Токмоке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Токмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында болгон.
"Анда Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 37 жаштагы жөө кишини сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Натыйжада жөө адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт Токмок ШИИБинин журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон.
Токмок шаарынын милиционерлери кырсыкка шектелген 24 жаштагы айдоочуну колго түшүрүшкөн. Анын автоунаасы айып короого токтотулуп, өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды. Тергөө амалдары уланууда.
Бишкектин үстүндөгү айылда BMW X5 уланды коюп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Бишкектин үстүндөгү айылда BMW X5 уланды коюп кетти. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0