Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийдин кеңсеси ЕБ менен экономикалык жаңы жаңжал болорун болжолдоду

© Sputnik / СтрингерКиев шаары. Архивдик сүрөт
Киев шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Польша Украина эгинине эмбаргону бир тараптуу тартипте калтырганына байланыштуу акыркы убакта Варшава – Киев мамилеси бир топ татаалдашып кеткен.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк улуттук өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргогон Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү менен экономикалык жаңы чыр-чатактар чыгарын болжолдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Подоляктын айтымында, мындай тирешүүлөр ЕБ өлкөлөрү үчүн “кадимки” көрүнүш жана Киев аларды сүйлөшүү учурунда чечүүнү үйрөнүшү керек.
“Мындай учурлар жаралганын мен жай баракат эле кабыл алмакмын. Алар Украина – Польша ортосунда гана эмес, ички европалык эрежелерге карабастан улуттук өндүрүүчүсүн дагы деле коргоого аракет кыла турган, тигил же бул чөйрөгө карата протекционизмге барган ар бир өлкөнүн ортосунда келип чыгат”, — деген ал “Рада” телеканалына берген маегинде.
Буга чейин Польшанын жүк ташуучулары Украина менен чек арадагы өткөрмө бекеттердин кире бериштерин жаап салганы кабарланган. Натыйжада Польша тарапта узундугу 40 чакырымга жеткен миңдеген оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон.
Нааразылык билдирген польшалык жүк ташуучулар украиналык коммерциялык жүк ташуучуларга мурда жокко чыгарылган уруксат берүү системасын калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Ошондой эле Украина армиясына гуманитардык жардам жана жүктөрдү алып келүүнү токтотуп, Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Украинада түзүлгөн компаниялардын лицензияларын жокко чыгарып, текшерүү жүргүзүү керектигин айтышууда. Аны менен кошо бош жана жүк менен турган автоунаалардын кезегин экиге бөлүүнү талап кылышууда.
Польша Украина эгинине эмбаргону бир тараптуу тартипте калтырганына байланыштуу акыркы убакта Варшава – Киев мамилеси бир топ татаалдашып кетти. Буга чейин Украинанын экономика жана соода министринин орун басары Тарас Качка алардан эгин импорттоого бир тараптуу тыюунун мөөнөтүн узартууга жооп иретинде өлкө Польшанын айрым айыл чарба продукцияларына эмбарго киргизе турганын билдирген. Ал эми Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки буга жооп кылып, Украинадан Польшага импорттоого тыюу салынган продукциялардын тизмесин кеңейтүүнү убада кылды.
15-сентябрда Еврокомиссия чечим кабыл алган. Ал Украинанын айыл чарба продукциясынын төрт түрүн Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнө импорттоого коюлган чектөөнү узартпоо боюнча эле. Бирок Киевди экспорттук көзөмөл чараларын киргизүүгө милдеттендирген. Мындан кийин Польша өзү мурда эскерткендей, Европа комиссиясынын токтомуна карабастан эмбаргону бир тараптуу тартипте калтырды. Венгрия менен Словакия да мындай кадамга барды. Буга байланыштуу Украина ДСУга арыз менен кайрылган. Буга жооп катары Евробиримдиктин үч өлкөсү Украинанын дан эгиндери боюнча координациялык платформанын жыйындарына бойкот жарыялашкан.
Европа биримдиги жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүгө каршы
Жаңылыктар түрмөгү
0