Газа тилкесиндеги оорукана аткылоого кабылганы кабарланды

© AFP / Kenzo TRIBOUILLARDИзраилдин бомбалоосу Газа тилкесинин бомбалоосу
Израилдин бомбалоосу Газа тилкесинин бомбалоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Медборбордун айланасында жарылуунун үндөрү жаңырып, айыгышкан кармашуу жүрүп жатканын билдиришти.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Газа тилкесинин аймагындагы "Аш-Шифа" медициналык борбору Израилдин бомбалоосунан улам электр кубатысыз калганын ирандык Tasnim басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
“Израилдин бомбалоосу улам убакыт өткөн сайын, улам апаат жаратууда. Ооруканада электр кубаты өчтү, дары-дармек жетпей жатат”, — деп айтылган маалыматта.
Оорукананын айланасында жарылуунун, аткылоонун үндөрү жаңырып, айыгышкан кармашуу жүрүп жатканын билдиришти.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,8 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
С. Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт
Жаңылыктар түрмөгү
0