00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Макрон: Израилдин Газага соккусу негизсиз жана легитимсиз

© AP Photo / Fatima ShbairПалестиналыктар Газа тилкесинде Израилдин бомбалоосунан талкаланган имаратта тирүү калгандарды издеп жатышат
Палестиналыктар Газа тилкесинде Израилдин бомбалоосунан талкаланган имаратта тирүү калгандарды издеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Франция президентинин бул айткандарына Израилдин премьер-министри жооп берип, дүйнө лидерлери ХАМАС кыймылын айыпташы керектигин айтты.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Израилдин Газа секторуна жасалып жаткан соккулары негизсиз жана легитимсиз. Мындай пикирин Франция президенти Эммануэль Макрон билдирип, сокку урууну токтотууга чакырганын РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин Макрон Газа секторунда гуманитардык абал күндөн күнгө начарлап жатканын, андагы калкты коргоо керектигин жана ок атууларды токтотуу зарылдыгын айткан.
"Иш жүзүндө карап көрө турган болсок, бүгүнкү күндө жай жашоочуларды эле бомбалап жатышат. Балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды бомбалап, өлтүрүшүүдө. Мындай аракеттерди жасоого эч бир нерсе негиз боло албайт жана бул аракеттер эч кандай легитимдүүлүккө жатпайт. Ошондуктан биз Израилди сокку урууну токтотууга чакырабыз", — деген ал.
Франция президенти гуманитардык тыныгуу жана ок атууну токтотуу – Газа секторундагы абалдан чыгуунун жалгыз жолу экендигин белгилеген.
Ал эми Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Макрондун бул айткандарына жооп берип, калкка келтирилген зыянга жоопкерчилик Израилдин эмес, палестиналык ХАМАС кыймылынын мойнунда турганын айткан. Ал Израиль мүмкүн болушунча жай жашоочуларга зыян келтирбегенге аракет кылып жатканын, согуш болуп жаткан райондордон аларды чыгып кетүүгө чакырышарын белгилеген.
"ХАМАС болсо, тескерисинче, аларды коопсуз районго көчүрбөөнүн бардык амалын көрүп, тирүүлөй чеп катары колдонууда. ХАМАС бүгүн Газада жасап жаткан кылмыштарды эртең Парижде, Нью-Йоркто, бүтүндөй дүйнө жүзүндө жасашы мүмкүн. Дүйнө лидерлери Израилди эмес, ХАМАСты айыпташы керек", — деген Нетаньяху.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,5 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкент шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Көңүл ооруп, зээнибиз кейип турат. С.Жапаров Палестина-Израиль чатагы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0