Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Европалыктардын болуп көрбөгөндөй дипломатиялык активдүүлүгү жана Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен кезигип, баарлашууга далалаты чөлкөмгө да, Европанын өзүнө да жакшылык алып келбейт.

Борбор Азия ЕБдин соңку үмүтүндөй...

Европага санкциялардын айынан кыйрап, баш-аягын таппай кала турган Россияны убадалашкан эле. Ушул себептен гана Европа биримдиги Россия менен болгон экономикалык жана энергетикалык байланыштарын үзүүгө тез, жеңил эле көнүп, илгери үмүт менен макул болгон.
2022-жылы Европа биримдигинин шаабайы сууп, көңүлү катуу калды. Россия бардык бут тосууларга туруштук гана бербестен, атайын аскердик операциядан мурдагыга караганда бүгүнкү күндө экономикалык, саясий жана аскердик-стратегиялык бир кыйла артыкчылыктарга ээ. Борбор Азия Европанын жан сактоонун акыркы үмүтүнө айланып, дал ушул себептен чөлкөмгө ЕБдин көзү түшүп тургандай...
Европанын тарыхындагы кайгылуу окуялар дүйнөдө дипломатиянын жаңы үлгүлөрүн жараткан. Атап айтканда, Наполеон жеңилгенден кийинки Вена конгрессинин көп тараптуу макулдашуулары биргелешип тынчтыкта жашоо үчүн эл аралык маселелерди чечүү, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана жаңы шарттарды жаратуунун жамааттык инструменти болуп калган. Ошентип конференциялар пайда болгон.
Адилеттүүлүк үчүн белгилеп койгон оң, көбүнесе жеке чечимдерге жамааттык түр берилип калса да, европалыктар сүйлөшүү процессинин жамааттык формаларында бир топ ийгиликтүү болуп келишти.
Европа тышкы саясатта өз алдынчалыгын жоготконун дароо аңдаган жок. Болжол менен андай абал 1999-жылы НАТОнун Югославияга каршы аскердик операциясы башталган тушта гана туюлгандай болду. Ошол операция континенттин чок ортосуна масштабдуу басып кирип, жырткычтык менен бомбалоого шарт түзгөн. Натыйжада ал аябагандай көп өлүмгө, чөлкөмдө азыр да залалы тийип жаткан апааттуу өзгөрүүлөргө алып келди.
Адегенде Украинадагы саясий каатчылыкты жаратууга баарын туюп-билип туруп аралашып, кийин Минск келишимдеринин алкагындагы "дипломатиянын жамааттык формаларына" түздөн-түз катышуусу европалык континентти дагы бир кайгылуу – украиналык жаңжалга тушуктурду. Бирок Югославиядагы окуялардан айырмаланып, ал Европа биримдигинин өзүн кейиштүү кесепеттерге кептеши толук ыктымал. Европа биримдигинин кыймылдаткычы болгон, Европанын болочогуна жооптуу Германия менен Франциядагылар муну кеч түшүнүп калышты.

"Германия — Борбор Азия" саммити

Германия Борбор Азияга жаңыдан келгени жок. Анын бул чөлкөмгө карата пландары Азиядагы Россия менен Британ империясынын ортосундагы "үлкөн оюндан" башат алат. Ошондо немец изилдөөчүлөрү чөлкөмдүн картасын коен жатагына чейин чийип, жергиликтүү элдер жөнүндө далай эмгектерди жазышкан. Алардын баары Улуу Ата Мекендик согуш убагында туткунга түшкөн советтик жоокерлерден "этникалык легиондорду" түзүүдө пайдасы тийгенин да унуткаруу мүмкүн эмес. Европа биримдигинде Германиянын төрагалыгы маалында, тагыраагы, 2007-жылы аталган мамлекет Борбор Азияга карата алгачкы стратегияны демилгелеген. Анткен менен андан "Европа биримдиги жана Борбор Азиянын кызматташтыгы жана диалогунун механизмдерин түзүүгө макулдашуудан" башка деле эч кандай майнап чыккан эмес.
29-сентябрда Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц Борбор Азиянын төрт мамлекетинин лидерлерин жана жолугушууга Түркмөнстан президентинин ордуна келген Элдик кеңештин башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду кабыл алган. Берлинге Борбор Азия башчыларынын дээрлик баарынын келиши Германиянын саясатындагы жакшы жышаан эле.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Садыра Жапарова в Берлин
Рабочий визит президента КР Садыра Жапарова в Берлин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жолугушууда тараптар экономика менен гуманитардык кызматташтыктан тарта жогорку өнөр жай технологиялары жана жашыл энергетикага дейре ар кандай сунуштарын ортого салышкан. Бирок Германия Россия менен Борбор Азия тыгыз стратегиялык байланышта экенин билип туруп, Россиянын Украинадагы аракеттери жөнүндөгү маселени ачык эмес, бирок жабык талкуулоого үмүттөнгөнү кызык. Нагыз кылдат пландалган чагым деп мүнөздөөгө болот.
Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц Борбор Азиядагы төрт өлкөнүн президенттерин жана Түркмөнстандын Элдик кеңешинин башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду кабыл алды.
Германия өзүнө сырье, аны ташуу жолдору керектигин, бул багытта Казакстан жана Түркмөнстан, башкача айтканда, мунай жана көгүлтүр от өзүнө өтө маанилүү экенин жашырган да жок. Бирок бул ойлорун кантип ишке ашырары — келечектин маселеси. Ошентсе да "Германиянын Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүгүн" жарыялоо жана каатчыл кырдаалдар үчүн консультациялык механизмди түзүү менен жолугушуунун мааниси баса белгиленди.

Министрлердин жай өткөн жолугушуулары

Бишкекте КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ саммиттеринин алдында, тагыраагы, 23-октябрда Люксембургда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррелдин төрагалыгындагы жолугушуусу өткөнү билинбей деле калды. Анда байланыштарды тереңдетүүнүн "жол картасы" жана биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Катышуучулар "жалпы баалуулуктар жана өз ара кызыкчылыктардын негизинде стратегиялык өз ара кызматташууну улантуу жана өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын тастыкташкан".
Андан соң 31-октябрда Ашхабадда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин форуму болду. Ага Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы катышты. Мындай формат ошондо алгач ирет уюштурулду. Маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык, иш-чарада чөлкөм коопсуздугу, туруктуу өнүгүү жана стабилдүүлүк, чек ара маселелери, климат жана экологиянын өзгөрүшү, ошондой эле транспорттук байланыштар боюнча пикирлер айтылды.
Ошол кезигүүлөрдүн чоо-жайы айтылбаганы, албетте, көп нерседен кабар берет, бирок эң оболу Борбор Азия мамлекеттерин жабык эшик артында талкуулоо шартындагы кызматташтыкка чакырууга далалат жасалган шекилдүү. Ал эми буга ЕККУну да тартуу, Афганстандагы террорчул топтордун түзүлүшү туурасындагы соңку маалыматтарды эске алуу менен коопсуздук маселесин актуалдаштыруу келечекте чөлкөмдөгү кыйла олуттуу көйгөйлөр жөнүндө ойлонуу зарылдыгын белгилеп тургандай. Акыркы кездеги европалык жаңжалдарда ЕККУнун эч жыйынтыксыз ролу жана анын коопсуздук жаатындагы майнаптуулугу Европанын өзүндө да шек туудура баштады. ЖККУ менен ШКУ мейкиндигиндеги анын иши туурасында бир нерсе айтыш кыйын.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Казакстанга сапары

Макрондун чукул сапары

Франция президенти Эммануэль Макрондун Астанада өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин мааракелик саммитинин алдында Казакстан менен Өзбекстанга келиши балким бир аз үстүрт болсо да, башка тышкы окуяларга караганда кызыксыз элес калтырды.
Макрон да жашырбагандай эле, дегеле дүйнөлүк маалымат каражаттары деле ачык жазгандай, Франция өзүнүн энергетикалык коопсуздугуна тынчсызданып, ошондой эле өлкөсүнө уран зарыл болчу. Францияны ансыз деле уран менен жабдып турган Казакстан жана Өзбекстандан (27 жана 19 пайызды түзүп) сырье алуу жаатындагы маселелер туурасында сапардын жыйынтыгында эч нерсе айтылган эмес. Тек гана Казакстан менен биргелешкен билдирүүсүндө энергетика тармагында 2021-2020-жылдары өз ара кызматташуунун "жол картасы" тууралуу айтылган.
© AFP / LUDOVIC MARINВизит президента Франции Эммануэля Макрона в Казахстан
Визит президента Франции Эммануэля Макрона в Казахстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Казакстан менен Өзбекстан да тегин жерден тандалган эмес. Булар — Борбор Азиянын эки ири экономикасы, чөлкөмдүн айныгыс лидерлери. Ошентсе да Макрондун аталган мамлекеттерге сапары экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөзгө ээ болду. Бир топ документтер менен катар Казакстанда Француз өнүгүү агенттигинин тобун жана Самаркандда Француз альянсынын филиалын ачуу тууралуу макулдашууларга кол коюлду. Булардын ишмердиги француз тили жана маданиятын жайылтууга багытталган.
Ошентип, Макрондун Борбор Азия өлкөлөрүнө алгач келиши Казакстан менен Өзбекстандын тышкы саясий милдеттенмелер системасында эч нерсени өзгөртпөсө да, чөлкөмдүн турмушундагы кызыктуу жана маанилүү дипломатиялык окуя экени талашсыз. Ал келерден мурда эле Франция Батыштын "Борбор Азияны Россия менен Кытайдан оолактатуу" аракетине кошулары түшүнүктүү болгон. Анын ордуна сунуштаганы деле азырынча так эмес. Чөлкөмдөгү өлкөлөр Батыш эмнени сунуштап жатканын даана көрө албагандыктан жөн гана сыпайылык менен Батыш ааламынын лидерлеринин демилгелерин тыңдап жатышат.

География — акылга сыйган союздаш

Борбор Азия Европа менен түз мамилени Россия же Түркия аркылуу түзө алат. ЕБ Россия менен болгон бардык байланыштарын үзгөндө Европа биримдиги менен Борбор Азияны бириктирип турган жападан жалгыз ынанымдуу багытты да жойгону ырас.
Түркия менен деле жагдай ошол сымал. Адегенде ЕБ анын союзга кирүүгө болгон үмүтүн үзүп, европалык дүйнөгө аралашуу тилегин таш каптырган. Муну менен Анкарага Европа сый гана кызматташууну туура көрөрүн ишарат кылган. Ал эми Россия менен мамиле бузулган маалда Борбор Азиядан Европага жаңы соода жана энергетикалык багыттарды Түркиядан бөлөк эч ким кепилдей албайт.
Ушундан улам соңку убакта Европа биримдигинин түрк дүйнөсүнүн интеграция долбооруна кызыгуусу артууда. Эске салсак, дал ушунун алкагында Кытай Эл Республикасын, Борбор Азияны жана Европаны Түркия аркылуу байланыштыра турган "орто коридор" долбоорун жүзөгө ашыруу пландалууда. Анткен менен бул "жолдун" да көйгөйлөрү жок эмес. Атап айтканда, каржылоо, ошондой эле Түштүк Кавказдагы бир катар саясий кызыкчылыктар бар.
Бирок мында да ЕБден айырмаланып, Россиянын таасири сезилерлик. Анткени анын транспорт тармагындагы долбоорлору реалдуу. Жакында эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Транспорттук форумунун алкагында Беларусь — Россия — Казакстан — Өзбекстан — Афганстан — Пакистан, ошондой эле Россия — Каспий деңизи — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан коридорлору жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.
Россияга карата катар-катар жаңылыш стратегиялык чечимдери, Түркияга карата текебер саясаты, Африкадагы колониялык таржымалы жана башка тышкы саясаттагы кадамдары Европа биримдигин жарга карай алпара жатканы айдан ачык.
Борбор Азия кол сунуп, ЕБдин көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшкүсү келген күндө да континенттин географиялык өзгөчөлүктөрү андайга жол бербейт. Албетте, Россия европалык маселелерди чечип кое алат, бирок ага чейин эле ЕБ бир топ кейиштүү окуяларды, катуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирчүдөй туюлат.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Чолпон-Атадагы Европа биримдиги — Борбор Азия саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Евробиримдик Борбор Азияга "өз" боло албайт. Саммиттен кийинки ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0