Өлкөдө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 8 дизелдик генератор алынды

© Sputnik / пресс-служба Минэнерго КРВручение ОАО НЭСК восемь дизельных генераторов мощностью 120 кВт
Вручение ОАО НЭСК восемь дизельных генераторов мощностью 120 кВт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
Сатып алынган генераторлордун жалпы суммасы 10 миллион 950 миң сомду түзөт.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди. Бул туурасында Энергетика министрлиги билдирди.
© Sputnik / пресс-служба Минэнерго КР

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди. - Sputnik Кыргызстан
1/3

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди.

© Sputnik / пресс-служба Минэнерго КР

Министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган.

Министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган.

© Sputnik / пресс-служба Минэнерго КР

Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.

Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.

1/3

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана талаа шарттарына ыңгайлаштырылган сегиз дизелдик генератор берилди.

2/3

Министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган.

3/3

Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев бүгүн кубаттуулугу 120 киловатт болгон генераторлорду тапшырган. Алар Бишкек шаарына жана жети облуска бөлүштүрүлөт.
“Энергетиктер генераторлорду жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана 10/0,4 кВ электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонушат. Ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө энергия булагы катары кызмат кылат. Бул техникалар бышык, узак мөөнөттүү, үзгүлтүксүз иштөөгө эффективдүү ылайыкташтырылган жана чоң жүктөргө туруштук бере алат”, — деп айтылат маалыматта.
Сатып алынган генераторлордун жалпы суммасы 10 миллион 950 миң сомду түзөт.
“Чыгымдарды оптималдаштыруу, электр менен камсыздоо процесстерин санариптештирүү жана тарифти 23 тыйынга көтөрүү менен ар бир электр тармактары ишканасын жаңы генераторлор менен камсыз кылууга мүмкүн болду”, — деп жазды министрлик.
Чүйдө алгачкы мобилдик ГЭС орнотулуп, ачылышына А. Жапаров барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Чүйдө алгачкы мобилдик ГЭС орнотулуп, ачылышына А. Жапаров барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0