Кыргызстандыктар тузду 2,5 эсе көп колдонот. Нутрициолог зыяны тууралуу
© Sputnik / Табылды КадырбековДен соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун санитардык дарыгери, нутрициолог Марина Дүйшөнкулова. Архивдик сүрөт
Жазылуу
Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун санитардык дарыгери, нутрициолог Марина Дүйшөнкулова кыргызстандыктар тамак-ашында тузду 2,5 эсе көп колдонорун айтты.
Өлкөдө дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын кан басымы жогору. Ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн негизги фактор — бул тамак-аш тузун көп колдонуу. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандыктар тузду 2,5 эсе көп колдонот. Нутрициолог зыяны тууралуу
Анын айтымында, тузду азайтуу калктын ден соолугун чыңдоодогу негизги кадам.
"Туз даамы, формасы, өңү жана туздуулугунун деңгээли боюнча айырмаланат. Булардын ичинен деӊиз тузу йодго бай болгондуктан эӊ пайдалуу болуп эсептелет. Бирок баасы кымбат. Кыргызстандыктар тамак-ашында тузду 2,5 эсе көп колдонот. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир күндүк норма 5 граммдан ашпашы керектигин, андан ашса адамда оору жараларын эскертип келет. Алсак, көз ичиндеги басым жогорулайт. Бөйрөктө нефрит, нефроз оорусу, таш пайда болушу мүмкүн. Ашыкча туз башка органикалык эмес туздар, кычкылдар менен кошулуп муундарда туруп калат да, подагра оорусунун жаралышына себепкер болот. Ашыкча туз денедеги сууну чыгарбай клетка жана кан тамырларда кармап калат. Бул кан басымдын жогорулашын шарттайт. Ашказан рагы, остеопороз келип чыгат. Организмдеги гормондордун бөлүнүп чыгуусу бузулат. Тузду азайтуу үчүн туздун ордуна татымалдарды колдонуу, жаңы бышкан жашылчаларды көбүрөөк жеш керек. Түрдүү соус, туздуу тамактардан (чипсы, крекер, колбаса жана башка кайра иштетилген тамактарды колдонууну чектөө) баш тартуу, туздун көлөмүн акырындык менен азайтуу зарыл", — деди Дүйшөнкулова.
Ал бардык туз йод менен байытылышы керектигин, анткени бул түйүлдүктүн жана жаш баланын мээсинин дени сак өнүгүшү үчүн жана бардык адамдардын психикалык жактан толук өнүгүшү үчүн зарыл экенин кошумчалады.