Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын мойнундагы кыл аркан НАТОну кысып келе жатат. Атайын операциянын жүрүшү

© Sputnik / Михаил МаркивНАТО жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт
НАТО жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Киевге натыйжа көрсөтүү үчүн америкалык генерал Марк Билли бөлгөн убакыт ноябрдын башы менен бүттү.
Киев режими АКШ менен НАТОнун колдоосу жок өз алдынча күн кечире албайт. Андыктан геосаясий көз караштан алып караганда РФ армиясы тарабынан Украина Куралдуу күчтөрү үчүн даярдалган "кыл аркан" Вашингтон менен Брюсселди Москва койгон шарттын негизинде тынчтыкка мажбурлоо дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россия армиясы атайын аскердик операция жүрүп жаткан жерде контрчабуулга өтүп, украин аскерлерин улам кысып келе жатат. Авдеевка районун курчоо уланып, Генштаб фронттун башка жагынан алып келген резерв жок кылынууда.
РФ аскерлери октябрдын соңунда Авдеевкадан түндүк менен түштүктү карай түшкөн плацдармды кеңейтип, Украина армиясынын штабдарын, башкаруу борборлорун Авдеевкадан 60 чакырым ары жайгашкан Краматорск шаарына сүрүп жатат.
Эки жактан курчап келе жаткан россиялык бөлүктөр бири-биринен тогуз чакырым аралыкта турат. Авдеевканын батыш жана түндүк тарабы Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонуусу үчүн эч ылайыкташкан эмес.
Контрчабуул үчүн Россия кышты күтүп отурган жок. Авдеевка багытындагы фронтто украин аскерлери адам саны боюнча да, техника жаатында да чоң жоготууга дуушар болуп жатат, Германиянын Leopard 2A6 танкалары жарактан чыгууда. Россия аритиллериясынын бутасында Украинанын Новомихайловка, Победа, Георгиевка, Нетайлово, Яснобродовка, Ласточкино жана Керамикадагы күчтөрү да турат.
Мындан улам Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный президент Владимир Зеленскийге кайрылып, "Бахмут окуясын" кайталабай аскерлерди Авдеевкадан алып чыгып кетүүнү суранып жатат. Курчоого калуу кооптуулугу күч болуп турса да Зеленский Авдеевкадагы гарнизонду эки эсе кеңейтип 30 миңге жеткирүүнү талап кылып келет. Ушул эле учурда Киев АКШ менен НАТОдон жаңы курал-жарак жана ок-дары суроодо.
Батыш "Авдеевканын кыйроосун" Украинага көрсөтүлүп жаткан колдоонун кыскарышы менен байланыштырып жатат. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Конгрессте АКШ Киев режимине жардамды токтотсо Путин жеңишке жетерин тынчсыздануу менен билдирди.
Россия азыркыдай аскердик кубаты менен окуя кандай өңүт аларына карабай жеңишке жетишерин белгилеп кетели. Америкалык U.S. News & World Report журналынын рейтингинде россиялык армия бекеринен биринчи орунду ээлеген жок.
АКШ жана Украинанын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын "америкалык кыялы": эки айга жетерлик гана каражат бар

2023-жылдын "ысык" күзү

"Бахмут фортециясынан" айырмаланып, Авдеевка чындап стратегиялык мааниге ээ. Авдеевкадан кол жууса Украина Куралдуу күчтөрүнүн фронту Днепрдин оң жээгине чейин урап түшөт. Ушундан улам Киев режими Авдеевка багытындагы өздүк курам менен аскердик техниканын акыркы резервдерин жок кылууда. Бул жерге Работино алдында бир топ жабыр тарткан Leopard 2 (A4/A6) танкалары менен M2 Bradley аскер машиналары бар 47-механизациялаштырылган "элиталык" бригада алып келинген.
Украинада жапырт мобилизация жарыяланды, бирок бул деле даяр адистердин, курал-жарак, ок-дарынын, күйүүчү майдын жана башка керектүү каражаттардын таңсыктыгын чече албайт.
НАТО менен Украинанын ресурсу түгөнүп баратат. Жамааттык Батыштын аскердик өнөр жай комплексинин арсеналы менен кубаты Киевдин муктаждыгын жаба албайт. Акча купюрасынан айырмаланып артиллериялык "снарядарды" миллиондоп чыгара салууга АКШ менен НАТО дараметсиз. Ал эми Украина Куралдуу күчтөрү жылына 2 миллион артиллериялык снаряд колдонууда. Батыш буга кошумча азыр Палестинанын ХАМАС кыймылы менен согушуп жаткан Израилге жардам көрсөтүү маселесине баш оорутуп жатат.
CNN телеканалы буга чейин курал-жарак жарышында Батышка салыштырмалуу "артиллериялык ок-дарыны 7 эсе арзан жана 8 эсе ылдам" чыгарган Россия алдыда экенин билдирген. Американын The National Interest басылмасы "Украина батыш мамлекеттери менен биригип да Россиянын аскердик өнөр жай комплексин кууп жете албай" турганын кошумчалаган.
Киев режиминин кожоюндары азыр Москва Украинага жардам бергени үчүн өч алышы мүмкүн деп чочулап турат.
Британиялык Spectator журналы "америкалыктар Москва Батыштын украин чалгын кызматына көрсөткөн колдоосун батыш курал-жарагынын Россияга каршы колдонуу катары кабыл алышы мүмкүн деп кооптонуп турат. Бул түз өч алууну шарттайт" деп жазды.
Япониянын JB Press басылмасы Украинага Днепр үчүн күрөшүүнү сунуштап, ошол эле маалда Россиянын Киев менен НАТОго тактикалык өзөктүк сокку урарын божомолдоду.
"Мысль Польска" басылмасы "сентябрдын соңунда Украина жана НАТО тарабынан араң дегенде даярдалып бүткөн жазгы-жайкы ири чабуул кыйроого учурады. Орустардын контрчабуулу эми боло турган иш... Генерал Вавлерий Герасимов Крым, Донбасс окуяларындагыдай эле адатынча Батыштын стратегдерин таң калтырууда" деп жазды.
Мыктап даярдалган, жабдуусу жакшы россиялык армия өз жеринде НАТОнун украиналык прокси-армиясын Вашингтон менен Брюсселдин планына, декларациясына карабай жеңүүдө. Бүгүн чындык ушундай.
Донбасстын Киев оккупациялап алган бөлүгүндөгү украиналык жоокерлер америкалык Daily Beast басылмасынын кабарчысына маек куруп, жергиликтүү эл Батыштын баалуулуктарына ишенбей турганын айтып даттанышкан: "россиялыктарды күткөндөр ого эле көп".
Буга чейин америкалык экономист Дэвид Сакс жаңжал Россиянын койгон шартына ылайык аяктай турганын болжолдогон эле, мында Украинага Батыштын коопсуздук кепилдиги берилип, орус тилдүү аймактарынан биротоло кол жууй турганы айтылган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроого учураган контрчабуулунун жүрүшүндө Батыштын стратегдери менен аналитиктеринин пикири кесин өзгөрүп кетти. Киевге натыйжа көрсөтүү үчүн америкалык генерал Марк Билли бөлгөн убакыт бүттү (ноябрга чейин). "Россияны согуш талаасында жок кылуу" тууралуу сөздөн дайын жок. Бүгүн АКШ менен НАТО эптеп "жүзүн сактап калууга" жана "Украинанын мамлекет катары калуусуна" жан үрөп жатат. Ал эми россиялык атайын операциянын максаты өзгөргөн жок.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Израилдин мобилдик артиллериялык бөлүгү Газа секторун аткылоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Израилдин АКШга койгон капканы. Прокси-аскерлер акыры жеңилет
Жаңылыктар түрмөгү
0