00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
Летний уход за кожей: секреты свежести и защиты от эксперта
06:05
41 мин
Күн башат
Жаңы төрөлгөн ымыркайларда да рак илдети аныкталууда. Кыргызстандагы жалпы абал
07:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Комнатные цветы: особенности ухода и экзотические виды
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Петербург эл аралык форуму эң ири экономикалык аянтчага айланды — кызматташтык жаңы деңгээлде чыкты
09:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ Кытай менен Россиянын айласын таппай турат. Дүйнөлүк абалга сереп

© Sputnik / Вера Голосова / Медиабанкка өтүүНью-Йорктогу фонддук биржасынын имараты. Архивдик сүрөт
Нью-Йорктогу фонддук биржасынын имараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
Учурда АКШ Кытай менен да, Россия менен да оңой эмес мамиледе. Sputnik баяндамачысы үч ири державанын кийинки кадамдарына токтолгон.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу эмнеден улам Кытайда коопсуздук боюнча өткөн Сяньшан форумунун ардактуу коногу болду? Эмне себептен бул форумга быйыл 90 мамлекеттин (рекорд) күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты?
Себеби дүйнө мындан кийинки же жапырт конфронтацияга жетелеген же абалды жай нукка сала турган багытты аныктоочу чекитте турат. Форумду өткөрүп жаткан Кытай учурда АКШ менен "сүйлөшүп жатат". Стратегиялык темалар боюнча бардык маалымат да, аларды жайылткандар да Пекинде болду. Кырдаалга баяндамачы Дмитрий Косырев баам салып, макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Өткөн дем алышта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШда болуп, Жо Байден эле эмес, администрацияда аты-жытым чыккан дегендин баарына жолугуп сүйлөштү. Эксперттердин жогорку деңгээлдеги жыйындарына катышып, ЖМКлардан да баш тарткан жок. Жыйынтыктап айтканда, анын баарында Ван И азырынча эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз экенин белгиледи. Башкача айтканда, дагы бир ири держава менен келечектеги алаканы шарттаган принциптер азырынча Пекинге ылайык келбей турат. Ыкмасы изделүүдө, бир жыл ичинде АКШ администрациясынын төбөсү көрүнгөн чиновнигинин баары Пекинге барып, кытайлыктардын баш терисин байкамыш болуп келишти.
Азырынча АКШ стратегиялык атаандашы менен Дональд Трамптын тушунда башталган тирешүүнү ошол деңгээлдегидей уланта албай турганы белгилүү болду, улам жеңилүүгө дуушар болуп жатат. Эки өзөктүк держава менен — бири Украинада, бири Тайвандын айланасында — согушуу мүмкүн эмес. Үчөө менен (Жакынкы Чыгыштагы абал) андан бетер. Вашингтондун союздаштары учурда айласын таппай турат. Эмне кылуу керектиги дегеле түшүнүксүз.
Пекиндин формуласы жөпжөнөкөй — өз ара урмат-сый, тынч жашоо, мүмкүн болгон жерде өз ара пайдалуу кызматташуу. Бирок мындай жагдай АКШнын Кытайга киргизген сансыз санкция маселесин чечүүгө, бул өлкөнү курчаган суудагы аскердик аракеттерди токтотууга аргасыз кылат. Кытайлык нерсенин баарына калыптанган жек көрүүнү тим коёлу. Капитуляциябы? Же кайсы бир мөөнөткө жаны жай алып тынчып турабы?
Ван Инин АКШга болгон сапарынын жыйынтыгы Си Цзиньпин менен Жо Байдендин кийинки айда Калифорнияда боло турчу АТЭС саммитинде жолугушуусуна багытталган аракеттер көрүлмөй болду. Бирок бул чоң жетишкендик эмес. Ушундай эле жолугушуу былтыр Индонезияда да өткөн, ошондон кийин АКШ баштапкы позициясына кайта баштаган. Анын үстүнө АКШда жакында шайлоо өтөт, бир жарым жылдан кийин бийлик башына ким келери белгисиз.
Кытайдын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Кытай: коопсуздукту алсыздардын эсебинен бекемдөө туура эмес
Демек, мамиле жөнгө салынат же тиреш уланат. Ушундай эле көрүнүш 1970-жылдары да болуп, аягы Брежнев менен Никсондун Москва декларациясына кол коюшу менен аяктаган. Документ "СССР менен АКШнын өз ара мамилесинин негиздери" деп аталган, башкача айтканда, Кытай менен АКШнын азыркы мамилеси сымал принциптер тууралуу сөз болгон. Кайсы принциптер? Өзөктүк доордо тынч жашоо жок, эки өлкөнүн коопсуздугу теңчилик принциптерине негизделет деген шарттар каралган. Ал документтин негизинде кучакташкан достук жаралып кетпесе да чыңалган абал аз да болсо жумшарган эле.
СССР менен АКШ эмнеден улам ошондой деңгээлге жеткен? Себеби азыркы АКШ менен Кытайдын ортосундагы тирештей эле. АКШ Индокытайдагы согушта жеңилүүгө дуушар болуп, Америка коомчулугу менен мамлекет өзү кыйрай турган болуп калган. Вьетнамдын асманында учкан америкалык самолётторду ким атып түшүргөнүн эстейличи. Эки өзөктүк державанын кагылышуусу толук ыктымал эле, болгону ошол согуштан бери же ошол согушка карай багыт алуу керектигин чечүү керек болчу. Бул "биз тынч жашоодо жашаган атаандашыбыз" деген баягы эле принципти иштеп чыгууну талап кылган. Ал эми мындай чечимди Вашингтондун айласы кеткен союздаштары буту-колу менен колдомок.
Демек, иштин модели, үлгүсү азыр бар. Анда эмне үчүн Вашингтон менен Пекиндин "арышы арбыбай" жатат? Буга бир нече себеп бар. Брежневдин тушунда СССР өзөктүк арсеналы боюнча АКШ менен теңтайлашып турганы менен эл аралык соода жаатында озуп өткөн эмес, ИДП боюнча да артта эле. СССРдин союздаштары менен өнөктөшү да азыркы Кытайдыкына караганда алда канча аз болчу. Рубль дүйнөлүк финансыда доллар менен атаандашкан эмес (баса, юань азыр дүйнөдөгү бешинчи валюта болгону менен өтө тездик менен жайылууда). АКШ менен СССРдин экономикалары бири-бирине байлануу эмес болчу (азыр Кытай менен АКШнын ортосунда жумасына 35 каттам бар). Айтор, бүгүн америкалыктар үчүн дүйнө тарып барат.
Эки ооз кыстырма. АКШ менен Кытайдын мамилесин жөнгө салууга жасалган аракет Россияга бир нече себеп менен пайдалуу. Мындай кадам кеминде эле дүйнөлүк абалды жаңылайт. Андан кийин дал ушундай эле схеманын негизинде АКШ Россия менен болчу мамилесинин принциптерин иштеп чыгат. Процесс узакка созулат. 70-жылдар СССР менен АКШ мындан ары өз ара урмат-сыйда жашайт деген ишеним менен өттү эле, бирок андан кийин Америкага "жан кирип", көнүп калган үстөмдүк жүргүзүү саясатына ооп кеткенин унутпайлы.
Вашингтондо Израилди колдоо митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Дүйнөлүк полиция акылдан азды, ага да Путин айыптуу. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0