Кыргызстан жана ШКУнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны 25-26-октябрда өтөт. ШКУга тогуз мамлекет кирет, дагы үч өлкө байкоочу макамына ээ, 14 мамлекет өнөктөш болуп саналат.

Садыр Жапаров Кытайдын Мамкеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

© Пресс-служба президента КРПрезидент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Жапаров акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалып жатканын, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил экенин белгилеген.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.
© Пресс-служба президента КР

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

© Пресс-служба президента КР

Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат

Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат - Sputnik Кыргызстан
2/3

Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат

© Пресс-служба президента КР

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат

1/3

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды

2/3

Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат

3/3

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болгону айтылат.
Жапаров акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелеринин активдешүүсү байкалып жатканын, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил экенин белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы ынак коңшулук, достук, кызматташтык жана өз ара мамилелери ого бетер бекемделүүдө.
"Президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун белгилеп, курулуш эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү звено болоруна токтолду. Ошондой эле жалпы чек араны эске алганда, Кытай менен энергетика жаатында, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууда Кытай инвестицияларын тартуу менен кызматташуу абдан келечектүү болуп саналарын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Садыр Жапаровго кытай делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул расмий сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.
"Ли Цян Садыр Жапаровдун Кытайга болгон акыркы сапарынын алкагында эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна, анын натыйжасында эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду. Бул олуттуу мааниге ээ жана мындан аркы кыргыз-кытай мамилелери үчүн так багыт болуп саналат. Ал Кыргызстан Кытайдын маанилүү жана ишенимдүү коңшусу экенин белгиледи", — деп айтылат кабарда.
Премьер Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөдө алгылыктуу өзгөрүүлөрдү байкаганын, президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан реформаларынын аркасында Кыргызстанда туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө, ошондой эле коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар чаралар иштелип чыкканына да токтолду.
Ли Цян эки лидердин жетекчилиги астында кыргыз-кытай стратегиялык көп пландуу кызматташтык түзүлөрүнө ишеним артып, Кытай Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалаганы белгилүү болду.
Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0