26-октябрга карата аба ырайы

CC BY 2.0 / Kei Muratagawa / Сары жалбырактар. Архивдик сүрөт
Сары жалбырактар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
26-октябрда күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бейшембиде түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жеринде +15…+20, Таласта +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +13…+18, Нарын облусунда +12…+17 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте жана Ош калаасында +18…+20 градуска көтөрүлөт.
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0