25-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин жанындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жүрүп бара жаткан унаалар
Бишкектин жанындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жүрүп бара жаткан унаалар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
25-октябрга караган түнү өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, шаршембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +19...+24, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын облусунда +13...+18 градуска чейин күн жылыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +20...+22, ал эми түштүк борбор Ош шаарында +22...+24 градуска чейин жетет.
Башталгыч класстын окуучулары мектепте тепкичтен түшүп баратышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Министрлик окуучулардын күзгү каникулу качан башталарын эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0