Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда жылына эмчек рагына кабылган 700 жаңы учур аныкталат

© Sputnik / Асель СыдыковаОнколог, маммолог, онкопластикалык хирург, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева
Онколог, маммолог, онкопластикалык хирург, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Онколог, маммолог, онкопластикалык хирург, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева өлкөдө кызгылт октябрь айлыгы өтүп жатканын айтты.
Бүткүл дүйнөдө октябрь айы эмчек рагы менен күрөшүү айыболуп эсептелет. Анын максаты аялдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат жеткирүү жана эмчек рагын эрте аныктоо менен дарылоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда жылына эмчек рагына кабылган 700 жаңы учур аныкталат
Анын айтымында, Кыргызстанда жылына эмчек рагына кабылган 700 жаңы учур аныкталат.
"Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин аялдардын денсоолугун коргоо жана чыңдоо, эмчек рагын алдын алуу жана алардын өнүгүшүнө коркунуч келтирүүчү факторлорду азайтуу максатында Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен сүт безинин рагы боюнча маалымдоо айлыгы өтүп жатат. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдөгүдөй элебиздин өлкөдө даэмчек рагы көйгөйүнүн актуалдуулугу жогору бойдон калууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эмчек рагы аялдардын онкологиялык ооруларынын арасында биринчи орунда турат. Эмчек рагы менен ооругандардын көрсөткүчү жөн гана өспөстөн, оору "жашарып" да жатат. Арбир аял өзден соолугунун маанилүүлүгүн түшүнүшү керек. Андыктан аялдарды жыл сайын биржолу профилактикалык текшерүүдөн өтүүгө чакырам. Себеби эмчек рагынын пайда болгону алгачкы стадиясында билинбейт. Тилекке каршы, бизге кайрылган бейтаптардын60-70%ында рактын үчүнчү жана төртүнчү стадиялары аныкталып жатат. Аялдар баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына (ҮМБ, ҮДТ, ФАП) кайрылып, консультация алып, текшерилип, сүт бездерин пальпациялоо жана өзүн өзү текшерүү боюнча сабактарды ала алат. Сүт бездеринде өзгөрүүлөр аныкталса, дарыгерлер УЗИге же маммографияга жөнөтүшөт", — деди Макиева.
Ал дарыгерлердин алдында ооруну мүмкүн болушунча эрте аныктоо, дарылоонун жыйынтыгын жакшыртуу милдети турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0