Республикалык бюджет 2024-жылы профицитке чыгат. Өкмөттүн планы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желегинин фонунда сомдук купюралар. Архив
Кыргызстандын желегинин фонунда сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бардык фракциялары жана депутаттык топтор республикалык бюджеттин 2024-жылга карата долбоорун жактырды.
Жыйында баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев кийинки жылы өлкө казынасында профицит болорун билдирди.
Депутаттарга төмөнкүдөй план сунушталды:
Киреше бөлүгү — 378,4 миллиард сом (быйылкыдан 53,4 миллиард сомго көп)
Чыгашалары — 358,8 миллиард сом (быйылкыдан 12,5 миллиард сомго көп)
Профицит — 19,6 миллиард сом.
Ал эми консолидацияланган бюджеттин суммасын 600,7 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.
Миң сомдук купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Финансы министри быйыл 9 айда Кумтөрдөн бюджетке канча акча түшкөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0